Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-марты № 8
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасы Ш. Арыновдун сунуштаган 2019-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы алымча кошумчасы менен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
Ш. Арынов |
Жалпак-Таш айылдык кеңешиин
2019-жылдын 25-мартындагы
№ 8 токтому менен бекитилген.
№ 1-тиркеме
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш-планы
№ | Иш чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу | 1-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
2. | Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жыл үчүн милдеттери жана иш-чаралар планын бекитүү
| 1-квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
3 | Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо | 1-2-квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо | 3-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
5 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо,таза суу,таштанды чыгаруу,жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат,депутаттык күн). | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
6 | “Сары-Таш” таш кенинде иш аракет жүргүзуп жаткан ишканалардын иш-аркеттери жөнүндө | 1-2 квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
7 | Көчкү баскан жерлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчкү кесепеттерин алдын алуу жөнүндө | 2-квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
8 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө | 2-3-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
9 | Аз камсыз болгон,жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга,согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү | дайыма | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
10 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, депутаттар |
11 | Коомдук угууларды уюштуруу | 4-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
12 | Айылдык кенешке келип түшкөн арыз,даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү | дайыма | Регламен жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы |
13 | Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2019-жылдагы кабыл аланган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө | 3-4-квартал | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү |
14 | Кезексиз сессияларды уюштуруу | Зарылдыгына жараша | Кеңештин төрагасы |