Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-марты № 11
Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен айыл акча каражатын кароо жана айыл амагындагы калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну убактылуу токтотуу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 31-декабарына чейинки мезгилде айыл аймагындагы калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу токтотолсун.
2. Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты каралсын.
3. Эл жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу жана ага кеткен чыгымдардын сметаларын мыйзам чегинде эсептеп чыгып, иш алып баруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Таши уулу Жетимишке жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |