Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 12
Кара-Ой айылынын өнүктүрүү фондунун жобосун жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кара-Ой айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын ѳнѳктүрүү фондунун жобосу № 1 жана комиссия курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага |
Б.У. Усенбеков |
| Тиркеме № 1 Кара-Ой айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 09-октябрындагы № 12 токтому менен бекитилди |
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын өнүктүрүү фондунун (мындан ары - фонд) иштөө тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
2. Фонд жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо, айылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн.
3. Фонддун иши колдонуудагы мыйзамдардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Фонд айылды өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жактын статусуна ээ.
5. Фондунун уюштуруучусу болуп айылдын демилгелуу жарандары эсептелет.
6. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Казыналыкта атайын эсеп ачылат.
7. Фонд өзүнүн ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, жергиликтүү коомчулуктун алдындагы отчеттуулук принциптеринде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин артыкчылыгы, Фонддун каражаттарын максаттуу, рационалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүргүзөт.
2. Фонддун максаты жана милдети
8. Фонддун негизги максаты айылдын тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга, экономикасын өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.
9. Фонддун милдети болуп айылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын негизги артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп эсептелет
10. Фонддун акча каражаттары Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген долбоорлордун тизмегине жана жылдык бюджетке ылайык төмөнкү максаттарга багытталат:
- калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- айылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн биргелешкен долбоорлоруна;
- инвесторлор менен капиталга чогуу катышуу жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде айылда жаңы ишканаларды ачууга;
- туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларга;
- коомчулуктун муктаждыктарын камсыздоого жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган техниканы жана жабдууну жаңыртууга жана борборлоштуруп сатып алууга;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, объекттерди курууга жана оңдоого;
- жөндөмдүү жана таланттуу балдарды колдоого;
- калктын социалдык аярлуу катмары үчүн турак жайдын курулушуна;
3. Фонддун башкаруу органдары
11. Фонддун башкаруу органдары:
1) Жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) Аткаруучу органдары:
- Фонддун башкармалыгы,
- Фонддун башкармалыгынын төр агасы.
12. Фонддун башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби жана алардын иши ушул Жобо менен аныкталат.
3.1. Фонддун Байкоочу кеңеши
13. Фонддун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) - коллегиялык байкоочу орган болуп саналат, ал ушул Жобого ылайык берилген ыйгарым укуктардын жана функциялардын чегинде Фондго жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын жана Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыздайт.
14. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
15. Фондунун Байкоочу кеңеши 5адамдан турат, анын курамы 1 жылдык мөөнөткө бекитилет. Курамы 2 мөөнөттөн ашык иштей албайт.
16. Байкоочу кеңеш өзүнүн жыйындарына зарылчылык болгон учурда тиешелүү техникалык кызматтарды, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйынга добуш берүү укугусуз катышат.
17. Байкоочу кеңеш зарылчылыкка жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес чакырылат.
18. Байкоочу кеңешти биринчи жыйындын жүрүшүндө Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан шайланган Төрага башкарат. Байкоочу кеңештин төрагасы Байкоочу кеңештин уюштуруучулук ишинин маселелерин чечет жана жыйындын протоколун түзүүнү уюштурат. Байкоочу кеңештин төрагасы Байкоочу кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйындарын чакырууга укуктуу.
19. Байкоочу кеңештин ишин камсыздоону Фонддун Директору жүзөгө ашырат.
3.2. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциялары
20. Фонддун Байкоочу кеңешинин өзгөчө компетенциясы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын бекитүү;
2) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жакшыртуу долбоорлорун бекитүү;
3) Фонддун башкармалыгынын төрагасын дайындоо;
4) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
5) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
6) Фонддун атайын каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын аткарылышы тууралуу отчётту угуу жана бекитүү;
7) Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүн, анын төрагасын дайындайт жана бошотот.
21. Байкоочу кеңеш уюштуруучуга отчет берет.
3.3. Фондду уюштуруучунун компетенциялары
22. Фондду уюштуруучу төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
а) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйындарына катышат;
б) Фонддун башкармалыгынын жыйындарына чечим кабыл алуу укуксуз катышат;
в) Байкоочу кеңешинен жана Фонддун башкармалыгынан Фонддун иши, анын ичинде финансылык маселелер боюнча маалыматты суратат;
3.4. Фонддун башкармалыгы
23. Фонддун милдеттерин аткаруу үчүн Байкоочу кеңеш Фонддун башкармалыгын (мындан ары - Башкармалык) түзөт.
24. Башкармалыктын мүчөлөрүнүн саны 3 адамдан турат.
25. Фонддун башкармалыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары:
1) Байкоочу кеңештин, уюштуруучулардын суроо-талабы боюнча Башкармалыктын ыйгарым укуктарынын чегинде Фонддун иши жөнүндө маалыматты сунуштоого;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Байкоочу кеңештин чечиминин аткарылышын камсыздайт;
3) акча каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана аткарылышынын натыйжалуулугун баалоо боюнча топтун курамын бекитет;
4) Фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышы боюнча Мониторинг планын бекитет;
26. Фонддун Башкармалыгынын жыйындарынын протоколун Фонддун Башкармалыгынын катчысы түзөт. Протоколдорго Фонддун Башкармалыгынын төрагасынын же жыйында төрагалык кылган адамдын жана Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат, Протоколдордун түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
27. Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырышат.
3.5. Фонддун башкармалыгынын төрагасы
28. Долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Байкоочу кеңештин чечимдеринин тийиштүү түрдө аткарылышын Фонддун башкармалыгынын төрагасы камсыздайт.
29. Фондунун башкармалыгынын төрагасынын функциялары жана ыйгарым укуктары:
- Казыналык тутумунда Фонддун эсебин ачат;
- долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу, Фонддун бюджетин жана сметасын аткаруу маселелери боюнча Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ;
- Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйындарына добуш берүү укугусуз катышат;
- Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт;
- операциялык чыгымдарга Фонддун бөлүнгөн акча каражаттарынын алкагында Фонддун чыгымдарынын сметасын иштеп чыгат жана Байкоочу кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштайт;
- Байкоочу кеңештин жыйындарын жана Фонддун Башкармалыгынын жыйындарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
- көз карандысыз аудитке, мониторинг жүргүзүү жана текшерүү тобуна маалыматты даярдайт.
30. Квартал сайын Фонддун башкармалыгынын төрагасы айылдын тургундарына Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт .
31. Фонддун башкармалыгынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун акча каражаттарынын сактыгы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
32. Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун башкармалыгынын төрагасы отчеттук жылда Фонддун бюджетинин аткарылышы жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу отчетту даярдайт жана Байкоочу кеңештин кароосуна сунуштайт.
33. Ар бир жылдын башында Фонддун башкармалыгынын төрагасы айылдын социалдык-экономикалык абалын изилдөөнүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана Байкоочу кеңештин кароосуна сунуштайт.
34. Фонддун башкармалыгынын төрагасы өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн мамлекеттик аймактык органдарды тартуу укугуна ээ.
4. Фонддун ишине мониторинг жүргүзүү жана текшерүү
35. Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана текшерүү:
- ушул Жободо аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго Фонддун ишинин шайкештигине;
- каражаттарды максаттуу пайдалануу шарттарынын сакталышына жана алардын бекитилген пландарга шайкештигине;
- долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун текшерүү;
- ченемдеринин сакталышына жүргүзүлөт.
36. Мониторинг объективдүүлүк, ачыктык жана айкындуулук принциптерине негизделет.
37. Мониторинг жүргүзүү жана текшерүү тобу 2 адамдан турат .
38. Мониторингдин максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн мониторингдик топтун мүчөлөрү Фонддун документтерине жана маалыматтарына эркин жетишүү укугуна ээ.
39. Мониторингдин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, мында мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча сунуш кылуу менен чагылдырылат.
40. Мониторингдик топтун отчету Фонддун башкармалыгынын жыйынында жана Байкоочу кеңештин жыйындарында бир жылда 2 жолудан кем эмес угулат.
41. Мониторинг жүргүзүүнүн тартибин Фонддун башкармалыгы иштеп чыгат жана Байкоочу кеңеш бекитет.
5. Фонддун акча каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
42. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- донорлордун жана демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен түзүлөт.
43. Фонддун каражаттарын кассалык тейлөө Фонддун берилген билдирүүлөрүнө ылайык каржыланган суммалардын көлөмүндө казыналыктын региондук бөлүмдөрү тарабынан аткарылат.
44. Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
6. Таламдардын кагылышы
45. Эгерде Байкоочу кеңештин, Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн, Фонддун башкармалыгынын төрагасынын Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандайдыр-бир долбоордо жеке кызыкчылыгы болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодо жана кароо учурунда добуш берүүгө катышууда жана ал боюнча чечим кабыл алууда кармануулары керек.
| Тиркеме № 2 Кара-Ой айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 09-октябрындагы № 12 токтому менен бекитилди |
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын өнүктүрүү фондунун комиссия курамы жѳнүндѳ
Фонддун башкармалыгынын төрайымы;
Орозобекова Айжан Джекшалиевна
Байкоочу кеңеш Фонддун башкармалыгы;
Ынтымакова Каныкей Абдылдабековна
Фондунун Байкоочу кеңеши;
Сакыев Нурбек Джоодатбекович
Бектурганов Болот Асангулович
Мамытова Рысбубу
Абдыкалыков Алтынбек Кубантбекович
Карабалаев Бакыт Болотович