Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 9-марты № 4
Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя-Моюн) КР ӨКМнин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424 токтомун жана КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы №101-б буйругун аткарууга алуу максатында Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя Моюн) КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин балансына өткөрүп берүү боюнча областтык комиссия курамы түзүлүп, анын негизинде 2019-жылдын 28-февралында Ноокат шаарында АКТ түзүлгөн.
Актыда жазылгандай Кара-Таш айыл аймагындагы № 1 кен калдыгы (Туя Моюн) Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында 35 км алыстыкта жайгашкан, үстү ачык көмүлгөн эмес. Иштетилген жылдары 1946-1954-жж. Калдыктын көлөмү боюнча так маалымат жок. Курамы уран катарынын радионуклеиддери. Радиациялык гамма нурлануу орточо 17-41мкр/саатты түзөт. Кээ бир жерлеринде (локалдуу) 140-150мкр/ саатка чейин жетет. Кен калдыктын айланасы ачык, жакын аралыкта калктуу конуш жайгашкан эмес ж.б.у.с.
Жогорудагы түзүлгөн актыга негиз, айтылган сунуш-пикирлерди, маалыматтарды эске алып, талкуулап Кара-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы № 1 кен калдыгы (Туя Моюн) КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык кенешинин укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муктарбек уулу Бектурга милдеттендирилсин.
Төрага |
Н. Джаныбаев |