Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI cессиясы
2019-жылдын 30-ноябры № XХXI / V
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде комиссия түзүү боюнча талкуулап чыгып Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. № 1-тиркеме тиркелет
2. Жаңыдан түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып барсын
3. Токтомду аткаруу жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамарасуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |
| “БЕКИТЕМИН” Кара-Таш айыл кеңешинин төрагасы _______________Н.Джаныбаев Кара-Таш айыл кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын №-V токтомуна тиркеме |
|
|
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамы
1. Ш.Нурматов –Кара-Таш айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. А.Орунбаева –Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы – комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Б.Мамарасулов - Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы
4. Н.Абдиев - Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты
5. Муктарбек уулу Б - Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты
6. Б.Кааров - Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты
7. Б.Баатыров - Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси
8. А.Мамытов - Кара-Таш айыл өкмөтүнүн юристи
9. А.Жемуратов - Нойгут айылынын айыл башчысы
10. П.Каразаков- Кара-Таш айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча жетектөөчү адиси
11. З.Маликов – Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы
12. А.Жамантаева- Кара-Таш айыл өкмөтүнүн экономист-статисти
13. А.Осмонов- Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну
14. А.Айтбаева – Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси
Кара-Таш айыл кеңешинин катчысы А.Орунбаева