Загрузка документа…
ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жыргалаң айыл аймагынын Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2019-жылдын 3-апрели № 32
Жыргалаң айыл аймагынын жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө
2019-жылдын 3-апрелинде Жыргалаң айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын чечимин аткаруу жана айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлерди сарамжалдуу пайдалануу ошондой эле коомдук тартипти сактоо максатында Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыргалаң айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө Режими тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Жыргалаң айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлерди жайыт мезгилинде пайдаланган үчүн төлөнүүчү тарифи төмөндөгүдөй өлчөмүндө бекитилсин:
- Бодо мал (уй, жылкы) – 100 сом (бир башына)
- Кой , эчки – 20 сом (бир башына)
3. Каракол токойчулугуна тиешелүү жайыт жерлерди (ГЛФ жерлери) жайыт мезгилинде пайдаланган үчүн төлөнүүчү тарифи төмөндөгүдөй өлчөмүндө бекитилсин:
- Бодо мал (уй, жылкы) – 55сом (бир башына)
- Кой , эчки – 20 сом (бир башына)
4. Жыргалаң айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлеринде жана айылдын ичинде кароосуз жүргөн малдар ээлерине төмөндөгүдөй акчалай түрүндө айып пул салынсын:
- Ар бир бодо малга (жылкы, уй) – 200 сом (айыл тургундарына)
- Ар бир бодо малга (жылкы, уй) – 500 сом (тыштан келген малчыларга)
- Ар бир кой-эчкиге – 20 сомдон (айыл тургундарына)
- Ар бир кой-эчкиге – 50 сомдон (тыштан келген малчыларга)
5. Жыргалаң айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө (Кенесаров Б.Д.) аталган токтомду аткарбаган жарандарга Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы П.С. Кокоевге жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө (Мукалаев Т.А.) жана жайыт комитетинин төрагасы А.К. Абдыкадыровго жүктөлсүн.
Төрайым |
К.С. Букаева |
Жыргалаң айылдык кенешинин
2019-жылдын “___” __________
XXVII чакырылышынын XIII
кезексиз сессиясынын №______
токтомуна тиркеме
Жыргалаң айылына жакын жерде жайгашкан жайыттарды пайдалануу боюнча
РЕЖИМИ
1. Жалпы бөлүк
Жыргалаң айылына жакын жерде жайгашкан жайыттарды натыйжалуу пайдалануу максатында ушул режим Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде түзүлгөн. Жайыттарды пайдаланган жергиликтүү калк жана малдар менен көчүп келген айыл аймагынан тышкаркы жарандар бирдей жайытты натыйжалуу пайдаланышы зарыл. Эгерде жайытты туура эмес пайдаланууга жол берилсе бирдей жоопко тартылышат.
2. Жыргалаң айылынын жайыт комитетинин милдеттери
- Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча жергиликтүү калк арасында жана малдар менен көчүп келген айыл аймагынан тышкаркы жарандар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу;
- Өз убагында жайытты пайдаланган үчүн салыктар жыйымдарын чогултуу;
- Мезгил мезгили менен жайытты пайдалангандардын иштерин көзөмөлгө алуу;
- Айына бир жолу эл арасында кылган иштер жөнүндө маалымат берүү;
- Жайыттарга бара турган жолдоруна түзөөтү иштерин чектеш айыл өкмөттөрүнүн жайыт комитеттери менен бирдикте алып баруу
3. Жайыт пайдалануучулардын милдеттери
- Бөлүнүп берилген жайыт аянттарды натыйжалуу пайдалануу;
- Малдары менен көчүп келген айыл аймагынан тышкаркы жарандар Каракол токойчулугу тарабынан берилген жайыт билетинин жана чийилген тиешелүү картасында көрсөтүлгөн кана жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана чек араларын так сактоо;
- Малдары менен көчүп келген айыл аймагынан тышкаркы жарандар алып келинген малдарына ветеринардык маалымдамаларды камсыз кылуу (вакцинация, ж.б. жөнүндө)
- Бөлүнүп берилген жайыт аянтына тиешелүү шарттуу мал башы менен кана кирүү;
- Ийри мүүздү малдын белгилери (биркалары) жокторду жайытка киргизбөө;
- Өз убагында жайытты пайдаланган үчүн салыктарды төлөп туруу;
- Кечки 19-20 сааттан эртең мененки саат 6:00 гө чейин малдарды жайууга жол бербөө.
4. Жалпы жоопкерчилик
Ушул режимди бузгандарга Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 25-беренесинин негизинде биринчи ирет эскертүү жарыяланат. Эгерде бузуулар кайталанса анда 183-беренисине ылайык 4-категориядагы 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Жооптуу катчы П.С. Кокоев