Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 79
Теплоключенка айыл аймагынын жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын этикалык Кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын '"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарынын жана айылдык кеӊештин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын этикалык Кодекси бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органы Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссияга (Бакешов Э.Н.) жүктөлсүн.
Төрага |
Э.А. Темиров |
Теплоключенка айылдык кеӊештин 2018-жылдын 14-декабрындагы
№ 79 токтому менен бекитилди
Теплоключенка айыл аймагынын жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын этикалык Кодекси
Бул Кодекс жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын сөзсүз түрдө аткарылуучу моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика - бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кемтиксиз кесиптик жана жарандык беделине ээ болуу керек.
I. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтүү кеӊештин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймактын (мындан ары - аймак) калкынын өкүлдөрү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактын калкынын кызыкчылыктары, анын социалдык-экономикалык жана маданий өнүтүү максаттары менен жетекчиликке алууга тийиш.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына туура келтирбеген аракеттерге жумшабоосу керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Уставына, жергиликтүү кеӊештин Регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуусу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар бирдей эле убакта өзүнүн кадырын сактоо менен башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлашы керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тийешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин ишине өзүнүн позициясын коркутуу-үркүтүү. кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеӊеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теӊчилик негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алуу, ар түрдү пикирлерди сыйлоо менен чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо жолу чечүүнү издөө керек.
2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрыла алат. Ыгы жок теӊтушсунуп жана тоготпогондук кайрылууларга жол берилбейт. Сессиянын жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отуруму өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүүсү керек.
2.5. Депутаттар чыгып суйлөөр алдында өзүнүн айта турган сөздөрүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой суйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кеӊештин жана комиссиялардын иши учурунда уюлдук телефондорду пайдаланбоо сунуш кылынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын коргоодо башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүнө сый жана чыдамдуулук менен мамиле кылуусу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдиктин сакталуусуна жана тынчтыкка салым кошот.
2.7. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин комиссияларынын бардык отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеӊештин сессияларына жүйөөсүз катары менен 3 (үч) жолу катышпаса, депутатгык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөөлү себептер менен сессияларга, жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат сессияга, жыйынга чейин 2 (эки) күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеӊештин төрагасына же анын орун басарына маалымдап коюусу керек.
Жүйөөлү себептерге: депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Жергиликтүү кеӊештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартыш керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеӊештин Регламентине, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төрагалык кылган депутаттын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөөлү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеӊештин иш-чараларына катышпай коюуга болбойт.
2.9.1. Жергиликтүү кеӊештин депутаттарына - сессиянын жүрүшүндө үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде сессия өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат жергиликтүү кеӊештин сессиясында, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеӊештин сессиясына катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат өзүнүн сөзүндө орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы төлөөлөрдү албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеӊеште сыйакы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрмөлөөгө укуксуз.
III. Депутаттар шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги депутаттык этикалык эрежелери
3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле урмат сый, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралган.
3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.
3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеӊештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларында жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обьективдүү болушу керек.
3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алуу алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлуулукту жана сыпайы сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
IV. Депутаттын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу opгандары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги депутаттык этиканыи эрежелери
4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарына ээ болбогон учурда жергиликтүү кеӊештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдируүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.3. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүү керектигинде расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеӊештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
4.6. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча аны жарыялабоо боюнча талаптарды атайылап же олдоксондуктан бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
4.7. Депутаттардын чет өлкөлүк мамлекеттерге баруусундагы жүрүм туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
4.8. Депутаттар чет өлкөлөрдөгү барууларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V. Депутатгардын эл алдында чыгып сүйлөө этикасы
5.1. Депутаттар жергиликтүү кеӊештин отурумунда, депутаттык угууларда, массалык маалымат каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдарды жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого жана юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербөө керек.
5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же байкабастан аракеттер болсо, депутаттын эл алдында кемчилдигин моюнуна алуу менен алардан кечирим суроосу милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул раздел боюнча тартип бузуу жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт.
VI. Депутаттык этика эрежелерин сактоо боюнча көзөмөл жана аларды бузгандыгы үчүн депутаттын жоопкерчилиги
6.1. Депутаттардын депутаттын этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) жүргүзөт.
Комиссия төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кенӊштин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймактын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү азыр арыз менен кайрыла алат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузуу кыймыл аракети боюнча күнөөлөгөндө депуттар Комиссияга кагаз жүзүндө документгерди көргөзүү менен негизделген протест көрсөтүүгө жана ооз жүзүндө күнөөлөнгөндүгү боюнча түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурунда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7. Комиссия депутаттын этикасынын Эрежелерин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикасынын Эрежелерин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этика Кодексин бузуу фактысы боюнча маселе депутаттык этиканын Эрежелери боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутатгар тарабынан жергиликтүү кеӊештин отурумунда ушул эрежелерди бузуусуна карата жергиликтүү кецштин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кеӊеште депутаттын этика Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
- депутаттын этика Кодексине туура келбеген журум-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
- депутаттын этика Кодексин бузгандыгы фактысы боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына маалымдайт.
6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этика Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси жергиликтүү кеӊештин сессиясына чыгарылат.
Жергиликтүү кеӊеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосусуз эле чечет. Этика кодекси бузулгандыгын одоно түрдө экендигин жергиликтүү кеӊеш аныктайт.
6.9.2. Депутаттын жергиликтүү кеӊеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурунда, жергиликтүү кеӊештин иштөө тартибин бузган учурунда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү кеӊеш депутаттын ай сайын алуучу төлөмдөрүнөн белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу боюнча чечим кабыл алат, шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.