Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-февралы № 2
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵгү келишимди бекитип берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” аттуу Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵгү келишим бекитилсин.(келишим тиркелет)
2. Ушул келишимде кɵрсɵтүлгɵн жайыттын аянты (гектары) айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоо актысынын негизинде ɵзгɵртүлɵт.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасына жүктɵлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев).
Төрага |
А.Д. Беделов |
| Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын 2019-жылдагы «28 » февраль Жергиликтүү кеңештин № 2 токтому менен «БЕКИТИЛГЕН»
|
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
ТИПТYY КЕЛИШИМИ № 1
Отуз-Адыр айылы « 19 » февраль 2019-ж
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин ________________ № 2 токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысы Туйбаев Таалайбек Адиевич аркылуу мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан жана
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Отуз-Адыр Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Мамасалиев Анжиянбай Каламбаевич аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.
Жайыт жерлердин жалпы аянты 1116 га
Жайыт участокторунун жайгашкан орду Отуз-Адыр
Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (типтүү келишимдин № 1 тиркемеси)
Жайыт инфраструктурасынын обьектилеринин кабыл алуу-ѳткѳрүү актылары (типтүү келишимдин № 2 тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, гупкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу- өткөрүү актысы таризделет)
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1.2. Жергиликтүү ѳз алдынча органдарын укуктары:
1.2.1. Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы - айыл ѳкмѳтү тѳмѳнкулѳргѳ укуктуу:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөөгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жузунде эскертуу берүүгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга;
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторунун формасын бекитүүгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүпп алууга;
2.1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - жергиликтүү кенештин укуктары:
- Милдеттуу турдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планды бузууларды жоюуну талап кылуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылуу.
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыӊкы методдорду колдонууну сунуштоо;
1.3. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери
2.2.1. Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – айыл өкмөтүнүн милдеттери:
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды ѳз убагында жана толук көлөмдө берүү;
- Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин (2/3) айылык кенеш тарабынан бекитилген. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү; Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер, ошондой эле кенсе имараты менен камсыздоо;
- жьлына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг: жүргүзүү жана баа берүү;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдии негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөө милдеттүү;
2.2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - жергиликтүү
кеӊештин милдеттери:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылды планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитуу.
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүүсүн талап кылууга;
- жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жергиликтүү кеӊеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардамды, ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кецсе имаратын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланынш тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеӊештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизуугө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жжүзүндөгү эскертүүлөр боюнча датгануу укугуна ээ.
2.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга;
- жергиликтуу өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардьн абалына жылына бир жолудан кем эмес мониторинг жүргүзүүгө жана баа беруугө;
- жайыт билеттерин мыйзамга, жайыт пайдалануунун жылдык планы ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта пайдалануу боюнча келишимдерди түзүүгө;
- жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоого жана жыйноого;
- жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чьккан талаш-тартыштарды чечүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планьш өз убагында иштеп чыгууга, айылдык кеӊешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө;
- жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узактыгын жайытты деградацияга алып келе турган ашыкча жүк келтирбей колдонууга;
- ыйгарым укуктарды аткаруу учун берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- ыйгарым укуктарды аткаруу жана берилген материлдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө;
- жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруү органына жылына бир жолу маалымат берүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу финансылык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамын, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишим, бузууну болтурбоого;
- ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга берилген сарпталбаган финансылык материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарьн жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү;
3. Тараптардын финансылык мамилелери
3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандьгы үчүн төлөмдү жайыт комитети жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн курамында бекитилет.
3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктарды аткаруу максатында, айылдык кеӊеш тарабынан бекитилген жергиликтуу бюджеттин жазылышьша ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн үчтөн экиси (2/3) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которулат. Которулган финансы каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында Айьл өкмөттө ачылган ЖПБ/ЖКнын өздүк эсебиндеги акча каражаттарына байланыштуу болот.
3.3. ЖПБнын эсебине акча каражаттарын которуу мөөнөтү ЖК өтүнмөнү берген күндөн тартьп 2 күндөн көп эмес убакытты түзөт.
3.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси финансылык каражаттарды айылдык кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планга ылайык иш-чараларды каржылоого жумшайт.
3.5. Жайыт пайдалануучуларга салык сапуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жергиликтүү өз алдына башкаруу органынын алдындагы отчеттуулугу
4.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыйгарылган укуктардын аткарылышы жана аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ушул келишимде белгиленген мөөнөттө тапшырат. Бул отчеттор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
4.2. Ыйгарылган укуктардын аткарылышы тууралуу отчеттуулук ушул келишимде белгиленген мөөнөттө берилбесе, Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Келишимди колдонууга киргизүү тартиби жана мөөнөтү
5.1. Ушул келишим жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Ушул келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
6. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
6.1. Ушул келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет.
6.2. Ушул келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана ушул келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.3. Ушул келишимде көрсөтүлгөн жайыттын гектары инвентаризациянын негизинде өзгөртүлөт.
7. Ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби
7.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимди жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын андан ары аткаруу мүмкүндүгүн алып таштоо боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алынганда;
7.2. Ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтолушу мүмкүн:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн алган материалдык, финасылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланганда;
7.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу талаптардын биринин демилгеси менен токтотула турган болсо, токтотууну талап кылган тарап экинчи таралка жазуу жүзүндө билдирүүнү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу күнүнөн 15 жумуш күн мурда жөнөтүшү керек;
7.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумуш күнү ичинде карал чыгат жана экинчи тарапка билдирүү боюнча кабыл алынган чечимин билдирет;
Экинчи тарап алынган билдирүү боюнча макул болсо, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары тараптардын макулдашуусуна ьлайык токтотулат.
7.5. Эгерде 30 жумуш күн ичинде билдирүүнү кароонун жыйьштыгы тууралуу жазуу жүзүндө жооп жок болсо же экинчи тарап жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга каршы болсо, ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси сот тартибинде чечилет.
7.6. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу токтотулган күндөн тартып, бул ыйгарым укуктарды Жайыт пайдалануучуга ыйгарым укуктарды берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аткарууга милдеттүү.
8. Тараптардын жоопкерчилиги
8.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы, укуктарды чектегендиги же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8.2. Жайыт комитетинин төрагасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө аткаруу, өткөрүлүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
9. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
9.1. Ушул келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш- тарыштар сот тартибинде чечилет.
10. Корутунду жоболор
10.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө келишим мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нуска берилет жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине мамлекетгик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары маалымат үчүн жөнөтүлөт.
10.2. Ушул келишимдин бардык нускалары окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
11. Тараптардын даректери жана колдору
Ош облусунун Ош облусунун
Кара-Суу районунун Кара-Суу районунун
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр Жайыт
өкмөт башчысы комитетинин төрагасы
Туйбаев Т.А. Мамасалиев А.К.
Айыл өкмөтү ЖПБ/ЖК
«___»_____________20___-ж «___»____________20___-ж
__________________ _____________________