Загрузка документа…
ОТРАДНОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отрадное айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы
2019-жылдын 8-февралы № 01
Отрадное айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жѳнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун ( трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчиликке алып жана Отрадное айылдык кеӊешинин 2009-жылдын 01- мартындагы № 4 токтомунда көрсөтүлгөн контурлардагы үй курууга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн Отрадное айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отрадное айылдык кеӊешинин 25 чакырылышынын төртүнчү сессиясынын 2009-жылдын 01- мартындагы ‘‘Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомуна ылайык берилген айыл чарба багытындагы 61 га жер участкасынын ичинен :
Шанак айылынан - 37,1 га ичинен:
№ 1070 контурунан - 17 га сугат айдоо
№1096 контурунан - 3,5 га сугат айдоо
№ 1101 контурунан - 5 га сугат айдоо
№ 1102 конурунан - 4,40 га сугат айдоо
№ 1103 контурунан - 7,2 га сугат айдоо
Отрадное айылынан 23,9 га анын ичинен,
№ 801 контур - 23.9 га сугат айдоо жерлерине макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеӊештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С. Сагындыковага жүктѳлсүн.
Төраганын орун басары | К.У. Максютов |