Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/202
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жылга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2020-жыл үчүн таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисинин, 2020-жыл үчүн таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитип берүү боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 2020-жыл үчүн таштандыларды ташып чыгаруу тарифи № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |
«Бекитем»
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин
төрагасы ____Я.Т.Абдрахманов.
XXVII чакырылышынын кезектеги
XXIII сессиясынын № 01-5/202
токтомуна тиркеме
2020-жыл үчүн шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн сунушталуучу тарифтердин баасы
№ |
|
| баардыгы |
1 | Көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери | 1 адамга | 16
|
2 | Жер үйлөргө | 1 адамга | 17 |
3 | Мекеме-ишканаларга жана коммерциялык жактарга | 1м3 | 670
|
4 | Суюк таштандыларды чыгаруу | 1м3 | 600 |
5 | Септик | 1м3 | 325 |
6 | Өзү ташып чыгаруу | 1м3 | 100 |
Жетекчи Э.А. Маматов