Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/207
Жыл башында калган калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
(КР Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы № 01-5/271 токтомунун редакциясына ылайык)
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Мамадияровдун Кочкор-Ата шаарынын 2020-жылдын жыл башында калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2020-жылдын жыл башында калган 29 523 842 (жыйырма тогуз миллион беш жүз жыйырма үч миң сегиз жүз кырк эки) сом калдык акча каражаты 2020-жылга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- шаардык Кеңештин жана шаардык мэриянын аппарат кызматкерлерине ар бир жумушчу күнүнө 250 сомдон компенсация жалпысы 1 759 100 сом, компенсация 1 500 200 социалдык фондго чегерүүсү 258 800 сом;
- юристке айына 143 600 сомдон, эмгек маянасы 122 500 сом ,социалдык фондго чегерүүсү 21 100 сом;
Жылдын жыйынтыгы менен шаардык Кеңештин аппараты жана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине эки өлчөмүндө сыйлоо акысы жалпы сумма 693 900 сом, анын ичинен: сыйлоо акысы 591 800 сом, социалдык фондго чегерүүсү 102 100 сом,
- коомдук алдын алуу борборун (КААБ) кварталдык сыйлоого 670 700 сом жалпы суммасы 572 000 сом, социалдык фондго чегерүү 98 700 сом;
- Ландыш балдар бакчасынын куруулучу имаратына 7 964 000 сом;
- Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрүнө шагал төгүүгө :
- «Абий» ишканасына 113 700 сом;
- Пирамида-Строй ишканасына Музыкалык мектепке кароолканасын алууга 90 100 сом;
- Фрунзе, Мырзамамыт Эгембердиев көчөлөрүн асфальттоо үчүн ОсОО «АБЗ» 3 870 600 сом;
- Насирдин Исанов атындагы жатак -гимназиясына брусчатка басуу 411 000 сом;
- Фрунзе, Фуркат көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн 232 800 сом;
- ГКТП 160 кв ОсОО «Күн-Энерго» 344 300 сом;
- Гагарин көчөсүн жарыктандырууга 225 500 сом;
- Садовая, Токтогул, Мырзамамыт көчөсүнө чейин брусчатка басуу 1 188 600 сом;
- 1-Май, Адышева көчөлөрүнө щебень төгүүнүн кошумча жумушуна 150 200 сом;
- Мугалимдердин жана чарба кызматкерлеринин коммуналдык чыгымдары үчүн социалдык төлөмдөрү менен бирге 1 407 000 сом;
- ОсОО «АрхСтройМир» №14 Губкин орто мектебине 120 000 сом;
документтерин даярдоо үчүн;
- ОсОО «Тандем Проект» ПСД парк үчүн 140 000 сом.
(КР Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы № 01-5/271 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |