Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 01-5/271
2020-жылдын 1-февралындагы №01-5/207 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы, 2020-жылдын 1-февралындагы № 01-5/207 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, мектептердин чарба кызматкерлерине коммуналдык чыгымдары үчүн, мугалимдерге каралган акча каражатынан бөлуп берүү боюнча Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. 2020-жылдын 1-февралындагы №01-5/207 токтомунун 2-пунктунда “Мугалимдердин” деген сөздөн кийин “жана чарба кызматкерлеринин” деген сөздөрү менен толукталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |