Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/212
Эсептөө палатасынын аудитинин актысынын сунушун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктоо актысы боюнча шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамадияровдун берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Эсептөө палатасынын аудитин жыйынтыктоо актысы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
3. Эсептөө палатасынын аудитин жыйынтыктоо актысында белгиленген Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерине тийиштүү чара көрүүнү мэр А.Т.Жумаевге тапшырылсын.
4. Бюджеттин киреше бөлүгүн толук толтуруу иш-чараларын уюштурууну салык жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
5. 2018-жылдын 31-декабрына карата мөөнөтү өтүп кеткен, жалпы суммасы – 60.7 миң сомду түзгөн өндүрүлбөгөн дебитордук карыздарды өндүрүү жагы шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- «Класс-компания» ЖЧКсы эсебинен – 15.8 миң сом,
- «ЧП Дөөлөталиева Н» эсебинен 18.5 миң сом,
- «ИП Кудайбердиев» эсебинен – 14.0 миң сом,
- «Журналистер агенствосу» ЖЧКсы эсебинен – 7,5 миң сом,
- «Гепроектсервис» ЖЧКсы эсебинен - 4.9 миң сом, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын эсебине өндүрүлсүн.
6. Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде, бала бакчасында жана турмуш-тиричилик тармактарында электр жана жылуулук энергия боюнча бекитилген чектөө (лимит) өлчөмдөрүнүн сакталышы боюнча иш-чаралар кабыл алынып, бюджеттик жоготууларга жол берилбесин. Электр жана жылуулук энергия боюнча чектөө өлчөмүнөн ашып кетсе тиешелүү орто мектептердин жана бала-бакчалардын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралсын.
7. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мызамынын 10-беренесинин 2/1-пунктунун талаптарына ылайык,кезектеги финансылык жылга же пландоонун башка мезгилине карата мамлекеттик сатып алуулардын натуралай жана акчалай көрсөтүлгөн планын мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштыруу жагы сатып алуу бөлүмүнүң башчысы Г.Осмоновага жүктөлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 буйругу менен бекитилген, «Мамлекттик башкаруу секторлорунда бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансалык отчетторду түзүү» Жобосунун 6-параграфасынын 22-пунктуна ылайык, бухгалтериялык эсепти автоматташтыруу боюнча «1-С: Бухгалтерия» программасы коюулуусу камсыздалсын.
9. Бухгалтериядагы кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэр А.Т Жумаевге милдеттендирилсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |