Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 4
Көк-Таш айылынын Келтемиш участкасынан Дарбаза-Таш участкасына чейин жана Ташкоргон көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу үчүн каражат кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, Көк-Таш айылынын Келтемиш участкасынан Дарбаза-Таш участкасына чейин жана Таш-Коргон көчөсүнө, Жалгыз-Өрүк айылынын Ынтымак көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу жөнүндөгү маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылынын Келтемиш участкасынан Дарбаза-Таш участкасына чейин жана Таш-Коргон көчөсүнө, Жалгыз-Өрүк айылынын Ынтымак көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |