Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 5
Чек арачыларга каражат кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, күн тартибиндеги маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомуна ылайык, мамлекеттик чек араны кайтаруудагы күжүрмөн эмгектери үчүн Көк-Таш айылындагы Орто-Суу чек ара заставасынын, Булак-Башы айылындагы Булак-Башы жана Чоң-Сай айылындагы Чоң-Сай чек ара постторунун чек арачыларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 5000 (беш миң) сомдон жалпы 15 000 (он беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |