Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 1
Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылга эл жана турак-жай фондун каттоо жумуштарын өткөрүүгө жана даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчисинин А.Стамбековдун 2017-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690 токтомунун 9-пунктуна жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 1-декабрындагы райондун аймагында эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө жана даярдык көрүүгө керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасында 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690 токтомунун 9-пунктуна ылайык эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жумуштары үчүн 26 000 (жыйырма алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т. Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |