Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 3
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагына караштуу "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛAT:
1. "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 880000 (бир миллион сегиз жүз сексен миң) сомго бекитилсин.
2. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасыпын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |