Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 7-февралы ПЖ № 49
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 19-майындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын,
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Рсспубликасынын мамлекеттик органдарында башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кнргизилсин:
1-пунктта "мамлекеттик кызматчыларынын" деген сөздөр "системасынын кызматкерлеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта "берилсин жана" деген сөздөрдөн кийин "өзгөртүп түзүү жолу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункт "түзүү менен" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик бюджеттик финансылануучу," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункттун үчүнчү абзацынын башталышы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын катышуусу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун, башка мамлекеттик органдарынын жоюлган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн тизмеси" деген № 3 тиркемесинде:
- 3, 4, 15, 23, 24, 37, 41, 44-пункттары алып салынсын жана алардын күчү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 күчүнө кирген күндөн тартып жокко чыгарылсын,
- 16-пунктта "(региондор аралык эки бөлүм түзүлгөн)" десген сөздөр алып салынсын;
- 32, 35-пункттарда "мамлекеттик агенттигиндеги", "мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөр "мамлекеттик комиссиянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33, 34, 36-пункттарда "мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөр "мамлекеттик комиссиянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-40-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
┌───┬─────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│"38│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын Жаныбарлар │
│ │жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин кайтарууга жана │
│ │пайдаланууга мамлекеттик контролдук кылуу башкы башкармасы │
├───┼─────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│39 │Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын аңчылык │
│ │көзөмөл жана аңчылык ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу │
│ │башкармасы │
├───┼─────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│40 │Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын Токойдун, │
│ │флоранын жана фаунанын мониторинги башкармасы"; │
└───┴─────────────────────────────────────────────────────────────────┘
- аталган Жарлыктын "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркеменин эскертүүсүндө:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчисинин Кызмат орду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын областтык жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарында гана болот.".
3-пунктта:
"15" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"белгиленет." деген сөздөн кийин "Бул катыш Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жайылтылбайт." деген сүйлөм менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Мамлекеттик кызмат орундарынын проценттик катышы юридикалык жактын статусу бар болгон мамлекеттик органдын ар бир түзүмдүк түзүлүшүнө карата колдонулат.
Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн жетектөөчү курамына мамлекеттик органдын жетекчилери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, алардын орунбасарлары кирет.";
- аталган Жарлыктын "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркемесинде:
"Аталышы" деген 2-мамычада:
1-пунктта ", Социалдык фонду" деген сөздөр алып салынсын;
"Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктта "Коргоо министрлиги" деген сөздөр алып салынсын, "финансы министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Социалдык фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
┌───┬──────────────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│3-1│Кыргыз Республикасынын коргоо министрлиги │ 4";│
└───┴──────────────────────────────────────────────────────────┴──────┘
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Коргоо министрлигинде - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын - министрдин биринчи орунбасарынын кызмат орду болот.
Саламаттыкты сактоо министринин орунбасарларынын бири Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы директору болуп саналат.".
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 19-майындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын, 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |