Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 8-февралы № 4
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүжана ѳткөрүү жөнүндө” № 690 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2018-жылдын 25-майындагы токтомунун, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 07.06.2018-жылдагы №44 токтомун ишке ашыруу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 07-февраль 2020-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү максатында айыл аймакта жайгашкан калктуу конуштардагы көчөлөрдү аталышын тактоо жазуу, турак жай жана турак жай эмес курулуштарды номерациялоо жана башка каражаттар үчүн 100 миӊ сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажратылып берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин финансы маселелер, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Инамов |