Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХV сессиясы
2020-жылдын 3-февралы № 2
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевдин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеедин 2020-жылга иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |
БЕКИТЕМ
Көк-Ирим айыл аймагынын
айылдык Кеӊешинин
03.02.2020-жылдагы XXXV
сессиясынын № 2 токтому
менен бекитилди
“2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иш планы
№ | Милдеттери | Иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтык | жооптуулар | |
I Приоритеттүү багыт. Билим берүү жана мектеп жашына чейинки билим берүү | ||||||
1 | Арал айылынын Бейше атындагы орто мектебинин жаӊы 225 орундуу корпусунун курулушун бүтүрүү | -АА деӊгээлде комиссия түзүү жалпы сметалык баасы 55 млн республикалык бюджеттен каржыланат. 20,0 млн | Сентябр, октябрь | №3 Бейше атындагы орто мектебинин жаӊы корпусунун имаратынын ишке берилиши менен окутуу системасы жаӊыланат. Мугалимдердин окутуу системасына талап күчөтүлөт. Окуучулардын билим деӊгээли жогорулайт. | А/Ө, “Эрмек юг” | |
2 | Бирдик орто мектебинин чатырын жаӊылоо | Ага-Хан фонду аркылуу Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна проект жазуу менен мектептин чатыры жаӊыланат. Өздүк салым 50,0 сом Ага-Хан- 300,0 сом | Июнь июль | Мектептин чатыры жаӊыланат | А/Ө, мектеп директору, инвестиция | |
3 | Арал айылына 150 орунду бала бакча куруунун сметасын түзүү, курулушту баштоо | Евразиялык инвестициялык союзу менен 15 млн § | Жыл ичинде | Арал айылындагы балдар бала-бала менен камсыз болот. Ата-энелер балдарын тарбиялоосуна жардам болот. | А/Ө, инвесторлор. | |
4 | Айыл өкмөт, мектеп, бала-бакчаларды санариптештирүү | Санариптештирүү жергиликтүү бюджеттен каржыланат | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү, мектеп, бала-бакчалар санарипке кошулат. Документтерди топтоодо убакыт үнөмдөлөт | А/Ө, мектеп директорлору, бала-бакчанын директорлору. | |
II Приоритеттүү багыт- Маданият жана спорт | ||||||
5 | Арал маданият үйүнүн жылытуу системасын, электр жабдыктарын жаӊылоо, каалгаларын алмаштыруу | М. Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн жылытуу системасын, электр жабдыктарын алууга жергиликтүү бюджеттен жана өнүктүрүү фондусунан акча каражаты бөлүнөт. 180,0 сом жергиликтүү бюджеттен | Август, Сентябрь | Ар кандай маданий иш чаралар, элдик жыйындар, шайлоолор мектептин имаратында өтпөй М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн имаратында өтөт. | А/Ө, Клуб башчы, ФЭБ башчы, инвестиция боюнча адис, донорлор | |
III Приоритеттүү багыт-Ички жолдор жана көпүрөлөр, көчө жарыктары | ||||||
6 | Т. Жээналиев, А. Аттокуров, А. Мурзакимов атындагы көчөлөрдү жарыктандыруу | Арал, Бирдик айылдарынын ички көчөлөрү жарыктандырылат. | Август, Сентябрь | Көчөлөр жарыктандырылат | А/Ө, Инвестиция адиси, донорлор | |
IV Приоритеттүү багыт-Ичүүчү таза суу | ||||||
7 | Арал айылынын жарандарын таза суу менен камсыз кылуу | Таза суу түтүктөрүн тартууга гранттык каражаттарды издөө КРМ 737468§ | 2020-2021-жылдарга | Айыл эли таза суу менен камсыз болот | А/Ө, СООППВ жетекчиси, жалпы жамаат | |
V Приоритеттүү багыт-Айыл чарбасы, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү | ||||||
8 | Бирдик айылындагы ФАПтын курулушун тездетүү | -Аптека үчүн атайын бөлмө даярдоо; -Дары сактоо үчүн муздаткычтарды алуу; -Саламаттык сактоо министрлиги менен дары сатууга келишим түзүү | Жыл ичинде | Айылдын тургундары районго барып убара болушпайт. Ден-соолугун өз убагында карай алышат | А/Ө, Кыргыз даамы жамааты, ПРООН ГЭФ долбоору | |
VI Приоритеттүү багыт-Айыл чарбасы, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү | ||||||
9 | Арал айылына “Арал нан бышыруучу цех” ачуу | Ички жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу жалпы сметалык баасы 198710 сом | Жыл ичинде | Инвестиция тартылып калса айыл эли жумуш менен камсыз болот. | А/Ө, ПРООН ГЭФ, Кыргыз даамы. | |
10 | “Уз-Чебер” чакан иш канасын ачуу | ПРООН ГЭФ жалпы сметалык баасы 428000 сом | Жыл ичинде | Айыл эли жумуш менен камсыз болот | А/Ө, ПРООН ГЭФ, “Уз-Чебер” жамааты | |
11 | “Тоо балын өндүрүү” чакан ишканасын ачуу | ПРООН ГЭФ “Жаш зирек” коомдук фонду | Жыл ичинде | Балды тышка алып чыгуу жакшырат | А/Ө, ПРООН ГЭФ, жамааттар | |
12 | Жайыттарды сактоо максатында сапаттуу эспарцет үрөөӊ менен камсыз кылуу | Жайыттарда корук уюштуруу дыйкандарды сапаттуу үрөөн менен камсыз кылуу. 5 тонна | II кв | Жайыттар туура пайдаланылат жана сапаттуу үрөөн менен камсыздалат | А/Ө, жайыт комитети | |
13 | Ак-Талаа каналынын ремонтун толук бүтүрүү, ишке берүү | Жумушчу топ түзүү | Апрель, май | Ак-Талаа каналы толук бүткөрүлөт. Ремонт бүткөндөн кийин 450 га жер аянты толугу менен суугарылат. | А/Ө, УОС,суу пайдалануучулар | |
14 | Чабандарды көчмө чакан жеӊил конструкциядагы үйлөр менен камсыз кылуу | Евразиялык фонду 20 даана үй, 7 млн 200 миӊ сом | Жыл ичинде | Чабандар жаан-чачында кыйналышпайт | А/Ө, АК, жайыт комитети | |
VII Приоритеттүү багыт -Экология | ||||||
15 | Көк-Ирим суусунун 150 м жерин дамбалоо | БУУ ДАТП менен ОКМ, А/Ө | Апрель, май | Суунун жээги дамбаланып суу нугуна түшөт | А/Ө, БУУ ДАТП, ОКМ | |
Кѳк-Ирим айыл аймагынын
айыл ѳкмѳтүнүн башчысы:- К. Эпеев