Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

(Кѳк-Ирим айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-майындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV  шайланган депутаттарынын  кезектеги ХХХVI сессиясы

 

2020-жылдын 30-марты № 1

    

Көк-Ирим айыл аймагынын жайытына Сузак, Базар-Коргон райондорунун малдарын киргизбөө жөнүндө

                                                                                                             

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXVI сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын жайытын сактоо жана COVID-19 илдетин алдын алуу максатында Сузак, Базар-Коргон райондорунан келүүчү малдын бардык түрүнө 5 (Беш) жылга реабилитациялоо киргизилсин.

(Кѳк-Ирим айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-майындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Сузак, Базар-Коргон райондорунун малдарын киргизбөө боюнча иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Капаров Жээнкулга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Эпеев Кадырбек Молдожумаевичке  милдеттендирилсин.

 

    Төрага

С. Топоев