Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-майы № 1
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVI сессиясынын № 1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын жайытына Сузак, Базар-Коргон райондорунун малдарын киргизбөө жөнүндөгү 30-март 2020-жылдагы ХХХVI сессиясынын №1 токтомунун 1-бөлүгүндөгү көрсөтүлгөн “деградация” деген сөз алынып салынсын. “Мораторий” деген сөз Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 7-беренесине ылайык 5 (Беш) жылдык мөөнөткө “Реаблитациялоо” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун башка пунктары өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Топоев |