Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2020-жылдын 29-январы № 5/4
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын, механизаторлордун эмгек акысы жана белгиленген айып акылардын өлчөмү жана жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, төрт түлүк малды эмдөө иштеринин баалары боюнча 24.01.2020-жылы чыккан айыл өкмөтүнүн № 27-б буйругун кароо жана бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын күн тартибиндеги 5/4- маселеси боюнча Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин, айыл өкмөтүнүн вет.адиси Т.Суеркуловдун жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы. Молорбаевдердин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын , механизаторлордун эмгек акысы жана белгиленген айып акылардын өлчөмү жана жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, төрт түлүк малды эмдөө иштеринин баалары боюнча 24.01.2020-жылы чыккан айыл өкмөтүнүн №27-б буйругу бекитилсин.
2. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына, жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н. Молдобаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |
БУЙРУК
РАСПОРЯЖЕНИЕ
Ак-Жол айылы с.Ак-Жол
24.01.2020-ж/г. № 27
2020-жылга карата айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн, бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн, айып акыларды, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды белгилөө жөнүндө
Жазгы айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүү акыларын, мал багуучулардын бада акыларын, жазгы, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу, көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө, башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү, эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү акыларын, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды белгилөө максатында, Ак-Жол айыл өкмөтү буйрук кылат:
1. Жазгы айдоо, себүү талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан көрсөтүлчү кызматтар эске алынып, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын ( 1 га жерге):
жер айдоо -2000 сом
агет салуу -1000 сом
малалоо -800 сом
2. Айыл ичиндеги жер аянттары короо-жайдын ичи болгондугуна байланыштуу, төмөндөгү баа туура деп табылсын (1 га жерге):
жер айдоо -4500 сом
агет салуу -2000 сом
малалоо -1000 сом
3. Жайкы чөп чабуу мезгилинде механизаторлордун эмгегин эске алуу менен, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
• косилка менен чөп чабуу – 1500 сом
• грабил тартуу – 800 сом
• пресстөө – 15 сом (даанасына) Айыл өкмөтүнүн техникасына. Башка жактан келгендер үчүн -18 сом (даанасына)/
4. Ак-Жол айыл аймагында 1 жылга карата ижара акысы АКФнын жерлеринен суулуу айдоо 1000 сом, кайракы айдоо 300 сом, чөп чабынды 300 сом, кысыр аңыз 300 сом, коммерциялык максатта пайдаланууга ижарага айыл чарбага жараксыз жердин 1 кв.м 20 сом, ал эми муниципалдык менчиктеги жерди сатууда 1 кв.м жердин баштапкы баасы 100 сом, ал эми айыл аймактагы өзгөчө кырдаалга кептелген жер участкаларын ижарага берүүдө 100 кв.м жер аянтына 50 сом болуп бекитилсин.
5. Бадачылардын, жеке мал багуучулардын жазгы жайытка көчүп чыгуусунун акыркы мөөнөтү 30-апрелге, ал эми жайкы жайытка көчүп чыгуунун акыркы мөөнөтү 1-июнга белгиленсин. Күзүндө жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 1-сентябрга белгиленсин (бул мөөнөттөр маршурту биздин территориядан өткөн бөлөк айыл өкмөттөрдүн бадачыларына да тиешелүү).
6. Жазгы жайыттар айылдарга карата төмөндөгүдөй бөлүнсүн: Шынаа айылына Жоон-Бакан, Булуңдун-Сырты, Эшме, Саргоо, Кара-Суу, Ак-Жол айылына Бактуу-Булак, Ак-Терек, Жалгыз-Жаңгак, Баткак, Топ-Жаңгак, Өрдөш, Шаркыратма, Кайнама, Тегене айылына Кара-Кыр, Беш-Тал, Төо-Кыр, Кара-Тыт , Чарча, Ак-Таш, Коён-Шүкүр, Жыл-Булак, Төшкү-Башат, Райкомол, Ак-Жол айылына Көк-Кумай, Боз-Тектир, Баш-Талаш, Кызыл-Алма, Бел-Алма, Чер- Баш-Талаш, Керди-Башат, Манастын-Ою, Кош-Дөбө, Уй-Өлөт, Жылан-Журт, Жолборсту, Ак-Жол айылына Өрдөш, Көк-Башат, Алма-Чечек, Алма-Тектир, Алты-Айры, Чалчык, Тогонай-Белес ,Аюша жайыттары.
7. Бада акысы 1 айга төмөндөгүдөй баада белгиленсин:
- жандык малга 1 башка 70 сом (тузу ичинде).
- кара малга, жылкы 1 башка 280 сом (тузу ичинде).
Мал ээси тарабынан берилген туз малга сөзсүз берилүүсү жана жоголгон мал башка баш, жашка жаш төлөнүп берилүүсү бадачыга милдеттендирилсин.
8. Белгиленген мөөнөттөн мурун көчүп келген атуулдарга, белгиленген мөөнөт ичинде чөп чабынды жана эгин талаасында жүргөн мал ээлерине Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 293- беренесине негиз чара көрүлөрү эскертилсин.
9. Жайыттын тартыштыгына байланыштуу башка айыл аймактардан мал алып келбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы мал чарба адиси Т.Суеркуловго, Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жана Т.Нурманбетовго милдеттендирилсин.
10. Катталбаган бодо мал, жылкыга ар бир башка 100 сом, жандык малга 25 сомдон жайыт акысы мал ээлеринен төлөтүлсүн. Эгерде, сырттан алынып келген мал болсо, ал үчүн КРнын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын негизинде ар бир кара мал, жылкыга 500 сом, жандык малга 100 сом акы төлөтүү колго алынсын.
11. Жандык малдарды жуутка түшүрүү акысы 1 баш жандык 10 сомдон, 1 баш жандыкты кыркуу 35 сомдон белгиленсин. Жуулбаган жандык малды бадага кошпоо жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
12. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн участкалык жеке ветеринарларынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү малдарды эмдөө баалары (мамлекеттен бекер келген вакцинаны саюу акысы) кара малга 30 сом, жандык малга 10 сом, итке 30 сом, базада катталбаган бодо малдар үчүн эмдөө баасы 60 сом, каттоодо жок жандык мал үчүн 20 сом болуп бекитилсин. Башка эмдөөлөргө малды дарылоо келишим баада болот. Айыл аймактан айдалып өткөн сырттан келген малдын эмделгендиги тууралуу кагазы жок болсо, эмдөө акысы бодо малга 100 сом, жандык малга 20 сом болуп бекитилсин.
13. Бул буйрукту турмушка ашыруу жагы Жайыт комитетине, мал чарба адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
14. Бул буйрукту бекитип берүү жагы айыл аймактык кеңешинин сессиясынан суралсын.
15. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевге жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жүктөлсүн.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы: | Б. Мырзагулов |
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||