Редакцияот 11.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы

 

2020-жылдын 11-марты № 35/1

    

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  24.02.2020-жылдагы № 1-12/48  кайрылуу  каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомун аткаруу максатында муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнөн жумуштан бошогондугуна байланыштуу сунушталган комиссиянын курамын карап чыгып  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык  мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү  боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

Акумбаева М.Р. - вице-мэр, туруктуу комиссиянын төрайымы;

Усенов К.А. - шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;

Комиссиянын мүчөлөрү:

Талипов Р.Х.- жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;

Камбаров Ж.- өнөр жай, курулуш  жана коммуналдык менчик боюнча башкы  адиси;

Болотбеков Н.Ж.- коммуналдык менчик департаментинин бөлүм башчысы, комиссиянын катчысы;

Дастанов А.- шаар тургуну;

Дубанаев У.- Көк-Жаңгак шаарынын «Спутник» кварталдык комитетинин төрагасы.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

    Төрага

Б. Маткаримов