Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 22-3
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан эски гараждын имараты жөнүңдө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Типтүү жобого ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Аксы районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан эски гараждын имараты жана эски базардын жери менен муниципалдык менчикке алуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан эски гараждын имаратын калыбына келтирилип, бей өкмөт уюмдарынан келген техникаларды жайланыштыруу жагы айыл өкмөтүнө жуктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл чарба туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Калпаков |