Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXIII сессиясы
2020-жылдын 27-апрели № 1
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн акча каражатка макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында жаӊы коронавирустук инфекция (COVID-19) аныкталып, анын ичинде Жалал-Абад шаарында кооптуу жагдай пайда болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 78-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.04.2020-ж. № 128-б буйругунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.04.2020-жылдагы № 04-04/1417 сандуу катына ылайык депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Респүбликасынын Өкмөтүнүн 14-апрель 2020-жылдагы № 128-б буйругу менен Жалал-Абад шаарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинен турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде тамак-аш азыктары менен камсыздоо боюнча иш-чараларга 824,0 миӊ сом максаттык трансферттин бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык жактырылсын жана каржылоого макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2020-жылга бекитилген бюджетине кезектеги (келерки) өзгөртүү толуктоолоруна максаттуу трансферттен келип түшкөн 824,0 миӊ сом акча каражаты кошулуп бекитилсин.
3. Ушул жана мындан кийинки баардык берилүүчү гуманитардык жардамдар комиссиянын курамында шаардык кенештин 6 фракциядан (үчтөн экиден кем эмес депутаттардын катышуусунда) бирден мүчөсү кирген атайын комиссиянын чечими менен таркатылсын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеӊештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊештин
27-апрель 2020-жылдагы
кезексиз XXIII сессиясы
№1 токтомуна
№ 1 тиркеме
Жалал-Абад шаарынын короновирустук инфекцияга байланыштуу киргизилген чектѳѳлѳрдүн айнан материалдык жардамга муктаж болгон “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аракеттенүү тутумуна катталган жарандарга материалдык жардамдын тизмеси
№ | Азык-түлүктүн аталышы | даанасы | сумма (сом) |
1 | Күрүч | 2 кг | 160 |
2 | Кумшекер | 1 кг | 52 |
3 | ЧАй | 1 п | 70 |
4 | Макарон | 5 кг | 275 |
5 | Сгушонка | 1 л | 120 |
6 | Гречка | 1 пачка (0,8) | 90 |
7 | Бульон | 1 пачка | 30 |
8 | Пакет | 1 шт | 3 |
| Жалпы бир жаранга азык түлүктүн эсеби |
| 800 |
|
|
|
|
“Түндүк” тутумуна катталган жарандардын саны 1030.
Ар бир жаранга материалдык жардамдын суммасы 800 сомдон
Жалпы сумма 824,0 миӊ сом
Башкы адис О. Эшенкулов