Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 23-2
Кетмен -Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен -Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо бекитилсин.(жобо тиркелет 6 баракта)
2. Ушул токтом тиркемеси менен Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн расмий www.ketmendobo.com. сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезексиз XXIII
сессиясынын 2020-жылдын 24-апрель
№ 23-2 токтому менен бекитилди
Кетмен-Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө
ЖОБО
COVID-19 пандемиясынын шартында калк тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, карантин режимин катуу сактоо олуттуу мааниге ээ болуп жатат, аларды бузуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын калкынын ден-соолугу жана жашоосу үчүн өтө жагымсыз таасир алып келиши мүмкүн. Карантин мезгилинде кыйла маанилүү тапшырма болуп коомдук тартипти сактоо, ошондой эле калк тарабынан кылмыш-аракеттерди жана коомго каршы келген көрүнүштөрдү жасоону болтурбоо саналат.
Ушул маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коопсуздукту жана укуктук тартибин камсыз кылуусунда маанилүү рол Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жарандарына алар тарабынан түзүлүп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундарга туура келет. Элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого жана кылмыштар менен административдик укук бузууларды болтурбоого, алдын алууга көмөк көрсөтүү үчүн түзүлдү. Элдик ошуундар тургундардын COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуусунун алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга тартылышы мүмкүн. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын калкы ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрүнүн курамына кирүү жана Жарандык коргонуу иш-чараларына катышуу (коргоого жана даярдоо жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоо) укуктарга ээ.
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүүнүн жана иш тартибинин эрежелерин аныктайт.
1.2. Жобо Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү органы тарабынан коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүнү жана өзгөчө кырдаалдардын тасиринин алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүүнү аткаруу боюнча иштелип чыкты.
1.3. Ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды сыйлоо, адамдын анын жарандык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо принциптерине негизделет. Өзүнүн ишинде ыктыярдуу элдик кошуундар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коргонуу комиссияларынын, штабынын чечимдерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
II. Ыктыярдуу элдик кошуундардын негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү;
2.2. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемиялар жана башка өзгөчө кырдаалдарда коомдук тартипти сактоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
2.3. Укуктук билимдерди жайылтуу, калкка коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнү түшүндүрүү;
2.4. Ыктыярдуу элдик кошуундар өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен катар көчөлөрдө, парктарда, аянттарда жана башка коомдук жайларда, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоого катышат;
2.5. Жаратылыш кырсыктары, эпидемиялар, кырсыктар, техногендик кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдарда калктын коопсуздугун камсыз кылууда жана коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жардам көрсөтүшөт;
2.6. Укук коргоо органдарына коомдук тартипти бекемдөө жана укук бузуулар менен күрөшүү боюнча ишине көмөк көрсөтүшөт;
2.7. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышат;
2.8. Күтүлбөгөн кырсыктан же укук бузуулардан жабыркаган, ошондой эле коомдук жайларда начар абалда калган адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча чараларды кабыл алышат;
2.9. Өзгөчө кырдаалдар учурунда кырсыктан сактоо, карантиндин жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
2.10. Балдардын кароосуздугунун жана жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча ишке катышат;
2.11. Өрт коопсуздугунун алдын алууда көмөк көрсөтөт;
2.12. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана жол-транспорттук кырсыгынын алдын алууга көмөк көрсөтөт;
2.13. Жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чөйрөнү коргоого катышат;
2.14. Укук тартибинин абалы жөнүндө алынган маалыматты жалпылайт жана талдайт. Аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жеткирет, укук тартибин бекемдөө, укук бузууларды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча сунуштарды киргизет.
III. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүнүн формалары жана ыкмалары
3.1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүнүн негизги формалары болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте кайгуулга чыгуу жана көчөлөргө, аянттарга, сейил бактарга, аймактагы карантиндик постторго жана башка коомдук жайларга күзөттөрдү коюу;
- Ички иштер органдарына массалык, коомдук-саясий, спорттук жана маданий оюн-зоок иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берүү үчүн элдик кошуундардын нөөмөткө туруусу;
- Укуктук билимдерди, укук бузуулардын алдын алуу, калктын мыйзамга карата сый мамилесинкалыптандырууну жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет булактарын пайдалануу;
- Кырсыктан сактоо, карантиндик жана башка кечиктирилгис иш-чаралардыөткөрүүдө өзгөчө кырдаалдар шарттарында ыктыярдуу элдик кошуундар Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КР ӨКМнин, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырат.
IV. Элдик кошуунчунун милдеттери жана укуктары
Элдик кошуунчу милдеттүү:
- жарандарга карата сылык жана сыпайы болууга, өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабууга жол бербөөгө;
- ыктыярдуу элдик кошуунда белгиленген тартипти сактоого, ыктыярдуу элдик кошуундун командиринин буйрутмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- коомдук тартипти сактоого, укук бузуулардын алдын алуу иштерине активдүү катышууга, укук коргоо органдарынын укук бузууларга каршы күрөшүү ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө;
- тапшырмаларды аткарууда Штабдын башчысынын, ошондой эле укук тартибин коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө укук коргоо органдарынын көрсөтмөлөрүн, талаптарын так жана туура аткарууга;
- жарандардын жеке коопсуздугуна жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган бөөдө кырсыктар же башка өзгөчө жагдайлардын жаралышы же даярдалган фактылар, жасалган кылмыштар тууралуу билгенде Штабга жана укук коргоо органдарына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында кабарлоого, ошондой эле аларга бөгөт коюу чараларын көрүүгө;
- адамдын жана жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басынтуу максатындагы аракеттерди жасоого жол бербөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоого, укук бузуулар менен күрөшүү формаларын жана ыкмаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында колдонууга;
- кылмыштардын, административдик укук бузуулардан же бөөдө кырсыктардан, өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан, ошондой эле айласыз же өзүлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу башка абалдагы жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө;
- белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн алып жүрүүгө. Жарандарга же кылматтык адамдарга кайрылууда элдик кошшунчу өзүн тааныштырууга жана элдик кошуунчунун күбөлүгүн көрсөтүүгө.
Элдик кошуунчу укуктуу:
- жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоого жана укук бузууларды токтотууну талап кылууга;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте жарандардын документтерин текшерүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын кароого катышууга;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин укук бузууларды жасаганга шектүү адамдарды кармоого жардам берүүгө жана кармалгандан кийин ким экендигин, жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдарына жеткирүүгө;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук бузууларга бөгөт койгондо, окуя болгон жерди коргоого жана буюм далилдеринин сакталышына жардамдашууга;
- жерлердин аймактарын курчоого алууга (тосмо коюуга) өзгөчө кырдаалдар шарттарында коомдук тартипти сактоо боюнча аракеттерди текшерип өткөрүү режимин ишке ашырууда, жаратылыш кырсыктарынын, кырсыктардын жана кыйроолордун кесепеттерин жоюуда, карантиндик иш-чараларды, массалык иш-чараларды өткөрүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (кызматтык адамдардын) чечими боюнча катышууга;
- жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемия, эпизотия жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгискырсыктан сактоо жана карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аракеттенүүгө;
- өрттүн алдын алууда жана өчүрүүдө өрт коопсуздугу боюнча кызмат органдарына жардам көрсөтүүгө;
- укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына, жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон объектилерин жана алардан алынган азыктарды жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоонун башка куралдарын, анын ичинде транспорт каражаттарын, ошондой эле тиешелүү документтерин алып коюугажардам берүүгө;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо жардам берүүгө;
- укук коргоо органдары менен укук тартибин камсыз кылуунун ачык-айкын милдеттерин чечүү үчүн кечиктирилгис учурларда менчик формасына карабастан мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин телефондорун жана башка байланыш каражаттарын акысыз пайдаланууга;
- эгер өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болот деп эсептесе, коомдук милдеттерди аткаруудан баш тартууга.
V. Ыктыярдуу элдик кошуунду түзүү жана анын ишин уюштуруу
5.1. Ыктыярдуу элдик кошуундар Кетмен-Дөбө айыл аймагында жашаган, иштеген, окуган жери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу боюнча жарандардын демилгеси менен түзүлө алат.
5.2. Ыктыярдуу элдик кошуунга бир кыйла активдүү жарандардын арасынан он сегиз жашка толгон, кошуундун алдына коюлган милдеттерди өзүнүн ишкердик жана жеке сапаты жактан ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар кабыл алынат.
5.3. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын ыктыярдуу элдик кошуун штабынын сунуштамасы боюнча ыктыярдуу элдик кошуундар Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши тарабынан катталышат. Өзүнчө кошуундарды жоюу же кайра түзүү Кетмен-Дөбө айыл аймагынын ыктыярдуу элдик кошуун штабынын чечими боюнча Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин кабыл алынган чечим тууралуу кабарлоо менен жүргүзүлөт.
5.4. Ыктыярдуу элдик кошуунга кабыл алуу сөзсүз түрдө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
VI. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жетектөө
6.1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын жана жалпы жетектөөнү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү ишке ашырат.
6.2. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын ыктыярдуу элдик кошуундар штабы (мындан кийин штаб) элдик кошуундун ишин жетектөөнү жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат. Штабды түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Кетмен-Дөбө айылдык кеӊеши тарабынан бекитилет
VII. Штабдын түзүлүшү
7.1. Штабдын жетекчиси (Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же кызматкери) болот;
7.2. Штабдын жетекчисинин орун басары (Кетмен-Дөбө айыл аймагы боюнча милициянын улук аймактык инспектору);
7.3. Штабдын мүчөлөрү: Кетмен-Дөбө айылдык кеӊешинин депутаттары, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелерин жетекчилери, ыктыярдуу элдик кошундардын командирлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
7.4. Штабдын сандык курамы түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошундардын санын эске алуу менен белгиленет.
7.5. Штабдын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Штабдын отуруму саналат, штабдын отуруму эгерде мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу болуп саналат. Штабдын чечими протокол менен таризделет. Чечим Штабдын мүчөлөрүнүн отурумунун теӊинен көбү добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет.
7.6. Штаб төмөнкүдөй кызматтарды аткарат:
- ыктыярдуу элдик кошундарды жетектөөнү ишке ашырат, алардын ишин уюштурат жана пландаштырат;
- ыктыярдуу элдик кошуундардын реестрин жүргүзөт;
- ыктыярдуу элдик кошуундарды чыӊдоо жана элдик кошуундардын катарын калктын мыкты өкүлдөрүн тартуу чараларын көрөт;
- элдик кошуундарды окутуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат;
- ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин текшерет, ачыкталган кемчиликтерди жоюу чараларын көрөт, иштин оӊ тажрыйбаларын жалпылайт жана жайылтат;
- айырмаланган алдыӊкы элдик кошуундун мүчөлөрүн сыйлоо тууралуу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине ошондой эле Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө сунуштайт.
VIII. Ыктыярдуу элдик кошундар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү
8.1. Укук коргоо органдары ыктыярдуу элдик кошуундарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтөт, элдик кошуундардын жетекчисине кошуундардын ишмердүүлүгүнө зарыл болгон укук бузуулар тууралуу маалыматтарды беришет.
8.2. Ички иштер органдары ыктыярдуу элдик кошуундар менен күнүмдүк өз ара кызматташууну камсыз кылышат, зарыл болгон учурларда кошуунчуларга нускама өтөт, аларды укук бузуулар менен күрөшүүнүн формалары жана ыкмалары менен камсыз кылышат. Штаб менен макулдашуу боюнча коомдук тартипти коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш чараларды өткөрүшөт. Мындай иш-чараларды өткөрүү маалында кошуунчулардын ишин ыкчам жетектөөнү ички иштер органдарынын тиешелүү кызмат адамдары ишке ашырат.
IX. Элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу.
9.1. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз, ыктыярдуу негизде берилген жана башка келип түшкөн каражаттардын эсебинен;
- Кетмен-Дөбө айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен.
9.2. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынан каржыланышы мүмкүн;
- кошуунчуларды укуктук жана атайын окутууну уюштуруу;
- символдорду, атрибуттарды жана документацияларды даярдоо жана сатып алуу;
- жеке коргонуу каражаттарын жана башка зарыл эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу;
- элдиккошуундардын курамынын жардамы керек болгон иш-чараларды өткөрүүдө тамак-аш, транспорттук чыгымдар жана кошуунчулардын байланыш чыгымдары:
- өзгөчө кырдаалдар шарттарында – кошуунчуларга акчалай камсыздандыруу төлөп берүү, азык-түлүк, транспорттук чыгымдар, байланыш чыгымдары.
9.3. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыктыярдуу элдик кошуундарга, Штабга кызматтык колдонууга имарат, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын жана башка алардын ишмердүүлүгүн ишке ашырууга зарыл болгон мүлктөрдү бериши мүмкүн.
X. Жыйынтыктоочу бөлүк
10.1. Элдик кошуунчулардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө каршы аракеттер, ыктыярдуу элдик кошуунчулардын коомдук тартипти коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө байланышкан аларга зомбулук көрсөтүү, өмүрүнө, ден соолугуна кол салу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10.2. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүн контролдоону жана колдоо көрсөтүүнү Штаб, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, укук коргоо органдары ишке ашырышат.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы О.Коксариев
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороев