Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-июну № 231 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республнкасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлганМамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун 12-статьясына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатындажана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек. шаарында колкоюлган Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндөмакулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы аталганмыйзамдын учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуугадайындалсын. Премьер-министр К.Бакиев