Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXIII заседаниеси
2019-жылдын 24-декабры № 33/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
2020-жылга карата айылдык кеңештин иш планын бекитүү боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Болушованын маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Айылдык кенештин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планында белгиленген маселелерди жетекчиликке алуу жана аткарылышын камсыздоо айылдык кенештин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | З.Боронов |
БЕКИТЕМ
Жошолу айылдык кенешинин
төрагасы:_______ З.Боронов “ 24 ” декабрь, 2019-жыл
Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө 24.12.2019-жылдагы
№ 33/2 токтомунун № 1 тиркемеси
Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн И Ш П Л А Н Ы:
№ | Заседаниеде каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Отчет берет |
1. | Айыл өкмөттун башчысынын 2019-жылдын ичинде аткарган иштери Жайыт комитетинин 2019-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы | 1 - квартал | Айыл өкмөт башчысы, Жайыт комитети, тиешелүү жооптуу кызматкерлер | Айыл өкмөттүн башчысы Жайыт комитети |
2. | Пакиза суу ИСКАКБ ишканасынын 2019-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы | 1-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | ИСКАКБнын төрагасы Иманахунов А. |
3. | Айыл башчылардын, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин аткарган иштеринин абалы | 1-квартал | Уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Кебекбаев Б. ӨКТЖКЧ боюнча башкы адис, айыл башчылар |
4. | Жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктар,айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын арендага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуу боюнча жер адистин жүргүзгөн иштери | 2- квартал 1-айында | Жер маселеси боюнча туруктуу комиссия | Жер адис Ж.Зикиров |
5. | Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет.адис, вет сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2- квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Ветеринардык адис Алымкулов
|
6.
| Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жүргүзүп жаткан ишинин абалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши | 2-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Соц.кызматкер Ж.Темирбаева |
7. | Салык кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы | 3-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссия | Салык кызматкерлери Жеенбеков А. |
8. | Коомдук алдын алуу борбрунун аткарып жаткан иштеринин абалы (аялдар,аксакалдар, жаштар,ардагерлер кеңеши) | 3-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Ж.Зикиров, Э.Мантиева, Төлөнбай уулу, Султаналиев А., Иманахунов А. |
9. | Күз-кыш мезгилдерине карата мекемелерди, соц.обьектилерди даярдоо, ремонттолушунун абалы | 3- квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Мектеп, мекеме жетекчилери |
10. | Саламаттык сактоо мекемелеринин аткарып жаткан иштеринин абалы, жугуштуу деп аталган оорулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер | 4- квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Эмкана башчылары |
11. | Жошолу айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жыйынтыгы | 4-квартал | А/ө башчысы, тиешелүү жооптуу кызматкерлер | Т.Абдырахманов |
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Б. Болушова