Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-февралындагы ПЖ № 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Тоолуу райондорду туруктуу өнүктурүү маселелеринде Кыргыз
Республикасынын демилгелерин андан ары илгерилетүү боюнча
кошумча чаралар жөнүндө
Эларалык тоо жылын жана Бишкектеги глобалдык тоо саммитин (2002-
жылдын октябрь-ноябры) өткөргөндөн кийин Кыргызстан тоолуу
мамлекеттер, эларалык уюмдар, агенттиктер тарабынан өзгөчө көњүл буруу
чөйрөсүнө айланды жана тышкы карыздарды реструкташтырууну туруктуу
өнүктүрүүгө алмашуу маселесинде Кыргызстандын демилгесин эларалык
дењгээлде андан ары жигердүү илгерилетүү максатында Кыргызстандын
демилгеси боюнча кабыл алынган ООНдун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын
22-декабрдагы №60/198 "Тоону туруктуу өнүктүрүү" резолюциясынын
жоболорун жүзөгө ашырууга зор маани берүү менен "Эларалык тоо
өнөктөштүгү" программасында алдыњкы орундарды ээлегендигин эске алуу
менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн
(мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду киргизилсин.
2. Атайын өкүл жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- атайын өкүлдүн ишин камсыз кылуу максатында жумушчу орган
тарабынан мурда кайра уюшулган Кыргыз Республикасынын тоолуу
райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борборунун базасында ушул жумушчу
органды түзүү жөнүндө маселени карасын жана аны кароонун натыйжасы
боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин
чечимдерине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү тууралу сунушту киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Атайын өкүл Кыргыз Реепубликасынын Мамлекеттик кызмат иштери
боюнча агенттиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине тийиштүү
толуктоолорду киргизүү боюнча сунуш киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев