Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-февралындагы № 72
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Реснубликасында тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атанын өкүлү жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн (мынданары - атайын өкүл) кызмат орду Эларалык тоо жылын жана Бишкекглобалдык тоо саммитин (2002-жылдын октябрь-ноябры) өткөрүүнүнжүрүшүндө алдыга коюлган, өзгөчө Кыргызстандын демилгеси боюнча кабылалынган ООНдун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 22-декабрдагы №60/198"Тоону туруктуу өнүктүрүү" резолюциясынын жоболорун жүзөгө ашыруугазор маани берүү менен "Эларалык тоо өнөктоштүгү" программасынын,ошондой эле өлкөнүн тышкы карызын реструкташтырууну туруктууөнүктүрүүгө алмашуу, бул жагында эларалык долбоорлор мененпрограммаларды жүргүзүүнү координациялоону жакшыртуу зарылчылыгы,ошондой эле Бишкек глобалдык тоо саммитин даярдоо жана туруктууөткөруү боюнча милдеттердин чегинде тоону туруктуу өнүктүрүү жагындареспубликанын демилгелерин эларалык денгээлде жигердүү алгаилгерилетүү максатында уюштурулат. Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын окүлү тоолуу райондордуөнүктүрүүнү камсыз кылууда натыйжалуу саясат жүргүзүү үчүн жагымдуушарттарды түзүү боюнча аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат. 2. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматкадайындалат жана кызматтан бошотулат. 3. Өз ишинде атайын өкүл Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жанамыйзамдарын, Кыргыз Республикасыныи Президентинин Жарлыктары мененбуйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору мененбуйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын,ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Атайын өкул түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жанаКыргыз Республикасынын Премьер-министрине отчет берет. II. Негизги милдеттери 5. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоожана киргизүү, бул жагындагы эларалык долбоорлор жана программаларжөнундө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдоо, башка тоолуумамлекеттер менен, анын ичинде Эларалык тоо өнөктөштугунун чегиндекызматташтыкты координациялоо; - республиканын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктурүү, тоолуумамлекеттердин Патрондор Кењешинин ишин координациялоо жана камсызкылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын эларалыкдењгээлде илгерилетүү; - ООНдун Башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 22-декабрындагы №60/198"Тоону туруктуу энүктүрүү" резолюциясынын жоболорун жүзөгө ашыруубоюнча республиканын аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо; - ишти координациялоого жана атайын өкулдүн ыйгарым укуктарынаберилген актылардын жана Кыргыз Республикасынын Президентининтапшырмаларынын аткарылышына контролдукту уюштурууга катышуу; - тоолуу райондорго тиешелуү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруубоюнча аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын,чарба жургүзүүчү субъекттердин (макулдашуу боюнча) аракеттеринкоординациялоо; - өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруубийлик органдарынын аракеттерин координациялоого катышуу; - Кыргызстандын тышкы карызын реструкташтырууну туруктууөнүктүрүүгө алмашуу боюнча конверсиялык операцияларды иштеп чыгуу жанаилгерилетуү; - тоолуу райондорду туруктуу өнуктуруүгө тартуу боюнча эларалыкжолугушууларды, конференцияларды, кењешмелерди, семинарларды уюштуруу; - тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана колдоо жагында мыйзам базаларынөркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү; - тоолуу региондордун тоолуу экосистемасын, бюоартүрдүүлүгүн жанасуу ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоогожана долбоорду иштеп чыгууга катышуу; - өлкөнүн ичинде, ошондой эле четөлкөлөрдө саясий жана ишкерчөйрөлөрдүн арасында тоолуу аймактарды колдоо жана өнүктүрүү жагындамамлекеттин саясатын түшүндүрүү; - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча тоолуурегиондорду туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан маселелер боюнчаөлкөнүн ичинде, ошондой эле четөлкөлордөгу иш-чараларга катышуу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча эларалыкуюмдарда өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо; - тоолуу өлкөлөрдүн таламдарын колдоо үчүн ООНдун алдында белгилүүстатусу менен толуу мамлекеттердин (обочолонгон, транспорттуккаттамдар кыйын болгон) тобун түзүүгө Кыргызстандын демилгесин жүзөгөашыруу боюнча чараларды көрүү жана күч-аракеттерди координациялоо; - брифингдерди, пресс-конференцияларды, "тегерек столдорду"өткөрүү; - жергиликтүү жана четөлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынаЭларалык тоо жылынын жана Бишкек глобалдык тоо саммитининтажрыйбалары, инновациялар, идеяларды алга илгерилетүү жанарекомендациялар жөнүндө материалдарды жайгаштыруу. III. Негизги укуктар 6. Атайын өкүл өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу: - анын компетенциясына берилген маселелер боюнча жана КыргызРеспубликасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин атайын өкүлү катары чыгууга; - мамлекеттик органдардан жана республиканын башка уюмдарынан зарылмаалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жанаКыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, башкамамлекеттик органдардын маалыматтык базаларынан белгиленген тартиптепайдаланууга; - мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялыкжана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары мененбелгиленген тартипте кызматтык кат алышууга; - аткаруу бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин,жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери мененмакулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин, илимпоздорду жана адистерди,башка уюмдардын өкүлдөрүн атайын өкүлдүн карамагына тиешелүүмаселелерди чечүүгө катышууга тартууга; - мамлекеттик символикасы бар өз бланкына ээ болууга.