Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 1-марты ПЖ №88
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын аскердик кийими, айырмалоочу белгилеринин таандыктыгын белгилөө жана тартипке салуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пункттагы "жарыяланган күндөн тартып" деген сөздөр "кол коюлган күндөн тартып" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасында (№ 2 тиркеме):
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын параддык жана күндөлүк погондорунун сунуш кылынган сыпаттамасынын V бөлүмүнүн эскертмесинин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Аскердик соту жана Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы" деген сөздөр кошулсун;
- аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун жана формалык фурнитураларынын сүрөттөрүндө:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погонунун галунунун (жылчыгынын) үлгүлүк түсүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн каралган погондордо "КР КМ" деген сөздөрдөн кийин "КР АС", "КР АП" деген сөздөр кошулсун.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлеринин түрлөрүнүн үлгүлүк эмблемасында укук коргоо органдары үчүн каралган эмблемада "укук коргоо" деген сөздөн кийин "жана сот" деген сөздөр кошулсун.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |