Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 11-августу ПЖ № 311
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 88; 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481; 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 364 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин таандыктыгын, максатынын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын айырмалоочу белгилерин аныктоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрунүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери киргизилсин жана кызматкерлери аларды кийүүгө укуктуу болгон министрликтердин жана ведомстволордун тиркелген тизмеси бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы (№ 2 тиркеме);
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун жана формалык фурнитурасынын сүрөттөрү.
3. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарынын жана аскерлеринин генералдары, офицерлери, прапорщиктери, узак мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары, кыска мөөнөтүү кызматтагы сержанттары, солдаттары ушул Жарлыкта белгиленген погондорду тагынат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин (буга Ички аскерлер кирбейт) атайын наамдары жана алар үчүн белгиленген үлгүдөгү погондору болот;
- Кыргыз Республикасынын бардык башка структураларынын жана ведомстволорунун кызматкерлери атайын жана ведомстволук кийимден башка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген погондорду жана аскердик үлгүдөгү кийимди пайдаланбайт;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аскер кызматчылары үчүн аскер кызматчыларын айырмалоонун башка белгилерин, ошондой эле аскердик кийимди, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын алып жүрүүнүн бирдиктүү эрежелерин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары болуп саналбаган адамдардын кийими жана айырмалоочу белгилери аскер кызматчыларынын аскердик кийими жана айырмалоочу белгиси менен бирдей, ошондой эле аларга аралашып кетүү даражасына чейин окшош болушу мүмкүн эмес;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кийимдин жаңы үлгүсүнө жана айырмалоочу белгисине өткөнгө чейин эски же башка үлгүдөгү аскердик кийимди жана айырмалоочу белгисин кийүүгө укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим жана айырмалоочу белгилер менен камсыз кылуу тартибин;
аскердик кийимди, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарды алып жүрүүнүн бирдиктүү эрежелерин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары улуттук аскердик кийимди жана айырмалоочу белгилерин кийип жүрүүгө өтүшүнүн этаптуу мөөнөттөрүн, ошондой эле кийимдин жаңы үлгүсүнө жана айырмалоочу белгисине өткөнгө чейин эски же башка үлгүдөгү аскердик кийимди жана айырмалоочу белгисин алып жүрүшүнүн эрежелерин аныктасын;
- республиканын ишканаларында мамлекеттик буюртманы жайгаштыруу маселелерин карасын;
- өз чечимдерин жана ченемдик актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын айырмалоо белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-августундагы № 280 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 88 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |