КР Президентинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 68 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 6-марты ПЖ № 98
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө Эркиндикти сүйгөн, намыскөй жана чыныгы демократиялык баалуулук-тарды туу туткан кыргыз эли элдик бийликтин тарыхый салттарын, социал-дык адилеттик принциптерине берилгендигин жана руханий дөөлөттөр мененадамкерчиликтин үстөмдүк кылышын сактап жана улантып, 2005-жылы24-мартта мамлекетти узак жылдар бою жеке максаттарында жана өзүнүн ай-ланасындагы адамдардын тар чөйрөсүнүн кызыкчылыгында башкарып келгенавторитардык, коррупциялашкан жана элге каршы режимдин үстүнөн тарыхыйжењишке жетишти. 2005-жылдын 24-мартындагы тагдыр чечүүчү жана тарыхый окуялардыннатыйжасында республикада чыныгы элдик бийлик орноп, адилеттик салтанаткуруп, экономикалык жана рухий жогорулоого жана демократиялуу Кыргызс-тандын кайра жаралышына, республикада биримдикти, улуттар аралык, кон-фессиялар аралык тынчтык жана ынтымак-ырашкерликти андан ары чыњдоогобашат салынды. 2005-жылы 24-марттагы кыргыз элинин жењишинин тарыхый маанисинтүбөлүккө калтыруу максатында, 2005-жылдын март окуяларынын бардык ка-тышуучуларынын жарандык жана атуулдук парзын аткаруудагы эрдигин жанакаармандыгын белгилөө, ошол жылдары авторитардык режимге каршыкүрөшкөндөрдүн бардыгына терењ урмат көрсөтүү, демократия жана адамукугу үчүн күрөшкө Аксы элинин кошкон салымын өзгөчө таануу менен ток-том кылам: 1. 24-март жыл сайын улуттук майрамдоо күнү деп жарыялансын. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине 24-мартты жыл сайынулуттук майрамдоо күнү катары белгилөө жөнүндө мыйзамды кароо жана ка-был алуу сунуш кылынсын. 3. Тиркемеге ылайык курамда уюштуруу комитети түзүлсүн. Уюштуруу комитети он күндүк мөөнөттө 2006-жылы 24-мартта майрамдо-ону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жа-на Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - аталган майрамды 2006-жылы 24-мартта уюштуруунун жана өткөрүүнүнпрограммасын карасын жана бекитсин жана аны толук жүзөгө ашырууну кам-сыз кылсын; - 2006-жылы 24-мартта Бишкек, Ош, Баткен, Жалалабат, Нарын, Талас,Токмок, Каракол шаарларында аскердик парад жана атуулдук иш-чаралардынкомплексин өткөрүүнү уюштурсун; - областтардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ошшаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен бирдикте,партиялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу мененатуулдук жана спорттук иш-чараларды, концерттерди, жарманкелерди, мас-салык майрамдоо жана жолугушууларды өткөрүүнү, кыргыз мамлекеттигининторолушуна, жарандык коомдун ролун өнүктүрүүгө жана жогорулатууга,ачык, таза жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүүнүн маанисине, адамдын жа-на жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого жанакепилдик кылууга арналган даректүү фильмдерди көрсөтүүнү уюштурсун; - 2006-жылдын 20-апрелине чейин 2005-жылы 24-мартынан 25-мартынакараган түнү Бишкек шаарында жапа чеккен адамдарга финансы-материалдыкколдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн иликтесин; - жарандык коомдун катышуусу менен Кыргызстандын борборунда2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналган эстелик белгини орнотуунунмаксатка ылайыктуулугун жана мүмкүнчүлүгүн иликтесин. 5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын четөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө өлкөнүн торолушужана өнүгүшү, анын ажайып кооз жерлери, кыргыз элинин адат-салты, ту-ристтик өнүгүү келечектери жөнүндө даректүү фильмдерди көрсөтүү, Кыр-гызстандын экономикасынын жана социалдык чөйрөсүнүн ар кайсы тармакта-рына салым кошкон четөлкөлүк инвесторлорду чакыруу менен брифингдерди,жолугушууларды уюштурсун жана өткөрсүн. 6. Ата-мекендик жана четөлкөлүк продукция өндүрүүчүлөр 2006-жылы24-мартта республиканын областтык жана райондук борборлорунда өз жетиш-кендиктеринин көргөзмөлөрүн өткөрүүгө жана продукцияларды сатууга чакы-рылсын. 7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы № 98 Жарлыгынын тиркемеси Уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кулов Феликс - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Шаршенбаевич Сарыгулов Дастан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы- Исламович сы; Сыдыков Үсөн - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад- Сыдыкович министрациясынын Жетекчиси; Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-ми- Кимсанбаевич нистри; Абдраимов Туйгуналы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефе- Дүйшөналиевич рендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия- сынын төрагасы; Абыкеев Чолпонбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчиси; Абдырахманов Абдыкаар - революциялык окуялардын жигердүү катышуу- чусу, Ош областынын Өзгөн району (макул- дашуу боюнча); Айтбаев Таштемир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Сыдыгалиевич кызматынын төрагасы; Айдаралиев Искендербек - Жалалабат областтык мамлекеттик админист- Рысбекович рациясынын башчысы - губернатору; Айжигитов Султанбай - Баткен областтык мамлекеттик администра- Абдирашитович циясынын башчысы - губернатору; Ажибекова Клара - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Азылов Жыргалбек - Нарын областтык мамлекеттик администраци- Кумарович ясынын башчысы - губернатору; Асанов Бектур - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жантөрөевич Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Атамбаев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жа- Шаршенович на туризм министри; Бекназаров Азимбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Анаркулович депутаты (макулдашуу боюнча); Бөкөнбаев Кулубек - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Жоомартович Булекбаев Эркин - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Касымович Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри; Жээнбаев Жусупжан - Талас областтык мамлекеттик администарци- Амражанович ясынын башчысы - губернатору; Жапаров Акылбек - Кыргыз Республикасынын Экономика жана фи- Үсенбекович нансы министри; Жеенбеков Равшан - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Ата- Бабырбекович йын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Закиров Адам - Ош областтык мамлекеттик администрациясы- нын башчысы - губернатору; Исаков Исмаил - Кыргыз Реепубликасынын Коргоо министри; Исакович Исаков Жумадыл - Ош шаарынын мэри; Ырысбаевич Исабеков Азим - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад- Бейшенбаевич министрациясынын Жетекчисинин биринчи орунбасары - уюштуруу иштер жана мамле- кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчы- сы; Исмаилова Толекан - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Таштанович Кулмурзаев Тургунбек - Чүй областтык мамлекеттик администрация- Насипович сынын башчысы - губернатору; Макеев Керим - Ош областтык социалдык төлөмдөр борбору- Жакыпович нун директору (макулдашуу боюнча); Масалиев Исхак - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Абсаматович депутаты (макулдашуу боюнча); Мамбеталиев Кубан - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Молдокасымов Кыяс - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик теле- Сатарович радиоберүү компаниясынын башкы директору; Ногоев Арстанбек - Бишкек шаарынын мэри; Иманкулович Өмүралиев Макамбай - революциялык окуялардын жигердүү катышуу- чусу, Жалалабат областынын Сузак району (макулдашуу боюнча); Өмүралиев Эсенгул - Ысыккөл областтык мамлекеттик администра- Касымович циясынын башчысы - губернатору; Отунбаева Роза - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Исаковна Проненко Алевтина - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Павловна Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын Маданият министри; Суталинов Мурат - Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист- Абдыбекович ри; Соронкулов Гамал - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Темирбаев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Токтосунович башкаруучусу; Тургуналиев Топчубек - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Шамшиев Болотбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Төлөнович кењешчиси; Шарипова Салима - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); Черноморец Виктор - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Викторович башкармасынын № 1 Мамлекеттик резиденция- нын башкы директору.