КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-марты ПЖ № 133
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Мамлекеттик маданият мекемелеринин кызматкерлеринин
эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Мамлекеттик маданият мекемелеринин эмгек акы шарттары Бирдиктүү
тарифтик торчо боюнча аныкталган кызматкерлерин социалдик жактан корго-
ону камсыз кылуу, эмгек акысын жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Мамлекеттик маданият мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акы-
сынын өлчөмү 2006-жылдын 1-апрелинен баштап 35 проценттке жогорулатыл-
сын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев