КР Президентинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-марты ПЖ № 145 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын маселелери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынынишин жөнгө салуу, анын уюштуруучулук түзүмүн, штаттык санын жана кыз-маткерлеринин эмгек акы шартын аныктоо максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясыжөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагыПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынынжана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык саны 1358,5бирдик деп белгиленсин, мында акы бюджеттик каражаттардан төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагыПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынынчыгармачыл кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары "Социалдык чөйрөнүнкызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтому менен беки-тилген бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде аныктала тургандыгы белги-ленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-февралында-гы № 61 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясыжөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын. 5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын вице-премьер министрине жүктөлсүн. 6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдые 28-мартындагы № 145 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын уюштуруу ТҮЗҮМҮ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ) № 3 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-февралындагы № 145 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК АЙЛЫК АКЫЛАРЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)