Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
        КР Президентинин         2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-марты ПЖ № 145              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ            Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү                   компаниясынын маселелери жөнүндө                  (Кыргыз Республикасынын Президентинин            2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын                         редакциясына ылайык)      Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  телерадиоберүү  компаниясынынишин жөнгө салуу,  анын уюштуруучулук түзүмүн,  штаттык санын жана кыз-маткерлеринин эмгек акы шартын аныктоо максатында токтом кылам:     1. Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясыжөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.     (Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагыПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынынжана анын  ведомстволук  жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык саны 1358,5бирдик деп белгиленсин, мында акы бюджеттик каражаттардан төлөнөт.     (Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2007-жылдын 15-февралындагыПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)     3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынынчыгармачыл кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары "Социалдык чөйрөнүнкызматкерлеринин эмгегине  акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн  2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтому менен беки-тилген бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде аныктала тургандыгы белги-ленсин.     4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-февралында-гы № 61 "Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  телерадиоберүү  корпорациясыжөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын вице-премьер министрине жүктөлсүн.     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев                                                              № 2 тиркеме                                    Кыргыз Республикасынын Президентинин                                      2006-жылдые 28-мартындагы № 145                                         Жарлыгы менен бекитилген                   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик                 телерадиоберүү компаниясынын уюштуруу                                ТҮЗҮМҮ                  (Кыргыз Республикасынын Президентинин         2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ)                                                              № 3 тиркеме                                    Кыргыз Республикасынын Президентинин                                      2006-жылдын 28-февралындагы № 145                                               Жарлыгы менен бекитилген            Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү         компаниясынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин                        КЫЗМАТТЫК АЙЛЫК АКЫЛАРЫ                  (Кыргыз Республикасынын Президентинин         2007-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ)