Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 6-апрели ПЖ № 164 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасында граждандуулукту жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 30-июнундагы Указына толуктоолорду киргизүү тууралу Этностук кыргыздар болуп саналган адамдарды Кыргыз Республикасынынжарандыгына кабыл алуу тартибин жөнөкөйлөтүү максатында токтом кылам: 1. "Кыргыз Республикасында граждандуулукту жөнгө салуу боюнча ча-ралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 30-ию-нундагы № 168
Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын граждандыкмаселелерин кароонун тартиби тууралу Жобого төмөнкүдөй толуктоолор кир-гизилсин: - 11-пункттун үчүнчү абзацы "мамилесин күбөлөндүргөн документ" де-ген сөздөрдөн кийин ", кыргыз улутундагы адамдар үчүн - чет өлкөлүк жа-рандыктан баш тартуу жөнүндө арыз" деген сөздөр менен толукталсын; - Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 28-пункт менен толукталсын: "28. Кыргыз улутундагы адам болуп саналган арыз ээлеринин КыргызРеспубликасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чечимдеринин негизиндеКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тизмелерди түзөт, алардаалардын фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы жана жери, мурда жараныболгон мамлекеттин аймагында акыркы жашаган жери көрсөтүлөт. Бул тизмелер көрсөтүлгөн жарандардын паспорттору, жарандыктан баштартуу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүырастаган документтер менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлиги аркылуу тизмеде саналган адамдарды кийин чет мамлекеттинжарандыгынан чыгаруу үчүн мурда жараны болгон мамлекеттин ыйгарым укук-туу органдарына жарым жылда кеминде бир жолу жөнөтүлөт.". 2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.