Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-апрели ПЖ № 175

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

                  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

                            кеңеши жөнүндө

 

                     (Кыргыз Республикасынын Президентинин

                    2007-жылдын 8-майындагы № 235 Жарлыгынын                              редакциясына ылайык)

 

     Мамлекеттик мааниси  бар  маселелерди,  республиканын  мамлекеттик

түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн маанилүү маселелерин кароодо Кыргыз Респуб-

ликасынын мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашып иштешин жана өзара

аракеттенишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститу-

циясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши түзүлсүн.

     2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жекече курамы  Кыргыз

Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;

     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин курамына кызмат  орду

боюнча:  Кыргыз Республикасынын Президенти;  Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыр-

гыз Республикасынын Конституциялык Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кат-

чысы;  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-

си;  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Бишкек шаары-

нын мэри кирет.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 235

Жарлыгынын редакциясына ылайык)

     3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө тиркелген Жо-

бо бекитилсин.

     4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев