Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 17-апрелиндеги № 175
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
кеңеши жөнүндө
ЖОБО
(КР Президентинин
2007-жылдын 8-майындагы № 235 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши (мындан ары - Мамле-
кеттик кеңеш) мамлекеттик органдардын макулдашып иштешин жана өз ара
аракеттенишин камсыз кылуу, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү,
жана башка стратегиялык багыттар жагында мамлекеттик саясатты иштеп
чыгуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым
укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү консультациялык-кеңешүү
органы болуп саналат.
2. Мамлекеттик кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституция-
сын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын
жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик кеңеш жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Президен-
ти тарабынан бекитилет.
II. Мамлекеттик кеңештин негизги милдеттери
4. Мамлекеттик кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
- мамлекеттик органдардын макулдашып иштешин жана өзара аракетте-
нишин камсыз кылуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик өзгөчө мааниси бар проблемаларды, республиканын мам-
лекеттик түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн маанилүү маселелерин талкуулоо,
Кыргыз Республикасынын Президентине зарыл сунуштарды киргизүү, анын
ичинде:
экономикалык кайра түзүүлөрдү тездетүүгө багытталган Кыргыз Рес-
публикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн негизги багыттары
боюнча маселелерди кароо;
- ички жана тышкы саясаттын актуалдуу маселелери, анын ичинде
экономикалык, социалдык, финансылык, салык, кредиттик жана башка масе-
лелер боюнча артыкчылыктуу багыттарды талкуулоо;
улуттук долбоорлорду жана инвестициялык саясатты жүзөгө ашыруунун
артыкчылыктуу багыттарын кароо;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-
дары, алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясынын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жар-
лыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору
менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын баш-
ка чечимдерин аткарууга (сактоого) тиешелүү маселелерди талкуулоо жана
Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттик органдардын ортосунда жана мамлекеттик органдар ме-
нен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда, Кыргыз Рес-
публикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосундагы
ажырым пикирлерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин ма-
кулдашуу жол-жоболорун пайдаланууда ага көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча мамлекеттик
мааниси бар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республи-
касынын Президентинин Жарлыктарынын долбоорлорун кароо;
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн маалыматын талкуулоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Мамлекеттик кеңештин
мүчөлөрүнүн сунушу боюнча мамлекеттик мааниси бар башка орчундуу масе-
лелерди талкуулоо.
III. Мамлекеттик кеңештин курамы
жана ишин уюштуруу
5. Мамлекеттик кеңеш Мамлекеттик кеңештин төрагасынын жана
мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
6. Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча: Кыргыз
Республикасынын Президенти; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасы-
нын Конституциялык Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Со-
тунун Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы; Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси; Кыргыз Респуб-
ликасынын Башкы прокурору; Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы; Бишкек шаа-
рынын мэри саналат.
Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин чечими боюнча Мамлекеттик
кеңештин курамына башка адамдар да киргизилиши мүмкүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президенти Мамлекеттик кеңештин төрагасы
болуп саналат.
8. Мамлекеттик кеңештин төрагасы:
- Мамлекеттик кеңештин жыйналышын өткөрүү ордун жана убактысын
аныктайт;
- Мамлекеттик кеңештин жыйналышына төрагалык кылат;
- Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде Мамле-
кеттик кеңештин иш-планын жана анын кезектеги жыйналышынын күн тартибин
бекитет;
- Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнө тапшырма берет.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Мамлекет-
тик кеңештин жумушчу органы болуп саналат.
Мамлекеттик кеңештин иш-планынын долбоорун даярдоо, ошондой эле
Мамлекеттик кеңештин жыйналышын жол-жоболук жактан камсыз кылуу Кыргыз
Республикасынын Президентинин канцеляриясына жүктөлөт.
Мамлекеттик кеңештин жыйналыштарынын протоколун Кыргыз Республика-
сынын Президентинин канцеляриясы жазат.
10. Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү тикелей Мамлекеттик кеңештин
төрагасына же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына
Мамлекеттик кеңештин иш-планы, анын жыйналышынын күн тартиби жана масе-
лелерди талкуулоо тартибин киргизет, ошондой эле Мамлекеттик кеңештин
жыйналышына материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун
даярдоого катышат.
Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын башка адамдарга
өткөрүп берүүгө жана Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүн башка кызмат адам-
дары менен алмаштырылышына жол берилбейт.
11. Мамлекеттик кеңештин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз
кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлөт.
IV. Мамлекеттик кеңештин иш тартиби
12. Мамлекеттик кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
Мамлекеттик кеңештин жыйналышы Мамлекеттик кеңештин бардык
мүчөлөрү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
13. Мамлекеттик кеңештин чечими, эгерде аны жактап, Мамлекеттик
кеңештин бардык мүчөлөрүнүн 2/3 добуш бергенде кабыл алынды деп эсепте-
лет.
Мамлекеттик кеңештин төрагасы, ошондой эле өзгөчө мамлекеттик маа-
нидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу тартибин консенсуска
жетүү жолу менен бекитүүгө укуктуу.
14. Мамлекеттик кеңештин жыйналышына протокол жазылат, протоколго
Мамлекеттик кеңештин төрагасы кол коет.
Мамлекеттик кеңештин чечими сунуш кылуу мүнөзүндө болот жана мый-
замдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, буйруктарын
же тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңеши-
нин чечимдерин кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жыйналышынын про-
токолу ага кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин
канцеляриясында катталууга тийиш жана аларды сактоо жана пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы үчүн белгиленген
тартипте жүргүзүлөт.