Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 11-майындагы ПЖ № 244

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн

оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган Жарлыктын "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркемесинде:

1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр алынсын;

3-пункт ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев