Редакцияот 22.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-майындагы ПЖ № 270               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ      Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кайтаруу жагынан               мамлекеттик башкаруу өркүндөтүү жөнүндө       "Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  чегарасы жөнүндө"  жана "Кыргыз Республикасынын чегара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегара  саясатын  жүзөгө ашырган аткаруу органынын  функцияларын  иретке  келтирүү, өркүндөтүү  жана ылайык-таштыруу максатында токтом кылам:      1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын  Чегара аскер-лери учурдагы түзүмү, саны менен Кыргыз Республикасынын Улуттук  коопсуздук кызматына ведомстволук баш ийүүдөн чыгарылсын жана  Кыргыз  Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлери Кыргыз Республикасынын Чега-ра кызматына өзгөртүп түзүлсүн.      2. Төмөнкүлөр белгиленсин:     - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы Кыргыз  Республикасынын мамле-кеттик чегарасын кайтарууну  жана  коргоону, чегара  контролун, мамлекеттик чегара режимин бузуулардын, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуунун алдын алууну жана жоюуну жүзүгү  ашырган, Кыргыз  Республи-касынын мамлекеттик чегара саясатын  камсыз  кылган  бирдиктүү  мамлекеттик аткаруу бийлик органы болуп саналат;     - Кыргыз  Республикасынын  Чегара  кызматынын  төрагасынын  төрт, анын ичинде бир биринчи орунбасары болот, алар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.      3. Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтү  белгиленген  тартипте  бир  айлык мөөнөттө:     - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы  жөнүндө Жобону  иштеп  чыксын жана бекитсин;     - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана  башка маселе-лерди чечсин;     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.      4. Кыргыз   Республикасынын  Улуттук  коопсуздук  кызматы  белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин  мурда кабыл алган чечимдерин  ушул  Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин.      5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери  боюнча  агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн катышуусу менен  Кыргыз  Республика-сынын Мамлекеттик кызматынын Реестринин  жањы  долбоорун  жана  мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орунбасарларынын  санынын чегин даярдоо учурунда ушул Жарлыктын жоболорун эске алсын.      6. "Кыргыз Республикасынын коопсуздугу жагынан мамлекеттик  башкарууну өркүндөтүү боюнча чаралар  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин милдетин аткаруучунун  2005-жылдын 23-майындагы № 183 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.      7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети  Кыргыз Респуб-ликасынын Коопсуздук кењешинин катчылыгына жүктөлсүн.      8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.  Кыргыз Республикасынын      Президенти                                           К.Бакиев