Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ N 137 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 24-майы ПЖ № 283
Маданияттын жана көркөм өнөрдүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Эмгек акы шарттары Бирдиктүү тарифтик сетка боюнча аныктала турган Кыргыз Республикасынын маданият жана көркөм өнөр мекемелеринин алдыңкы кызматкерлерин колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Маданият жана көркөм өнөр мекемелеринин "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары 2006-жылдын 1-июлунан тартып 50 пайызга көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды тапсын.
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |