Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-июлу ПЖ №340
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын
кызматкерлеринин эмгек
акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлерине
материалдык дем берүү, ошондой эле алардын кесиптик беделин көтөрүү
максатында токтом кылам:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү гарифтик торчо менен аныкталган илимий
мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 2006-жылдын 1-июлунан
баштап 20 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды издеп
тапсын.
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев