Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары,Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30 июну № 338
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Эки дењгээлдеги бюджеттик системага өтүү боюнча пилоттук
долбоорду өткөрүү жөнүндө.
«2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү»
Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу, андан ары демократиялаштыруу жана
аткаруу бийлигинин борбордук, облустук жана райондук органдарынын жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ишинин
натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкарууну жана
жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруунун жањы принциптерин иш
жүзүндө сынап көрүү, ошондой эле региондорду социалдык - экономикалык
жактан өнүктүрүү милдеттерин чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын
башчыларынын ролун жана жоопкерлигин жогорулатуу максатында токтом
кылам:
1. 2006-жылдын 1-июлунан баштап эки дењгээлдеги бюджеттик
системага (республикалык бюджет - жергиликтүү өзалдынча башкаруунун
бюджети) өтүү боюнча пилоттук долбоор жактырылсын.
2. Эки дењгээлдеги бюджеттик системага өтүү боюнча долбоорго
катышкан пилоттук айыл өкмөттөрүнүн жана райондук маанидеги шаарлардын
тиркемеге ылайык тизмеси жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
2006-жылдын 1-июлунан баштап:
- пилоттук айыл өкмөттөрүндө жана райондук маанидеги шаарларда
республика жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда финансылык тикелей
өзара мамилеге өтүүнү жүзөгө) ашырууга;
- облустук жана райондук дењгээлди кыйган өтүү менен
республикалык бюджеттен трансферттердин бардык түрлөрүн пилоттук айыл
өкмөттөрүнө жана райондук маанидеги шаарларга которууга;
- пилоттук айыл өкмөттөрүнүн жана райондук маанидеги шаарлардын
салыктын бардык түрлөрү жана башка төлөмдөр боюнча кирешелерин эсепке
алууга ар башка дењгээлдеги бюджеттердин ортосунда кирешени
бөлүштүрүүгө, ошондой эле сарпталган чыгымдарды ар бир бюджеттин
кесилишинде эсепке алууга укук берилсин.
4. Пилоттук айыл өкмөттөрүнүн жана райондук маанидеги шаарлардын
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары 2006-жылдын 1-июлунан баштап
төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- тийиштүү жергиликтүү бюджетти өзалдынча түзүү, бекиттүү,
аткаруу, ошондой эле анын аткарылышына контролдук кылуу:
- тийиштүү райондордун мамлекеттик администрация органдарына
жергиликтүү бюджеттин каражаттарын чыгымдоо, ошондой эле бекитилген
бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүү.
5 Чүй облусунун Ысыката жана Жайыл райондорунун, Жалалабат
облусунун Сузак районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары пилоттук
долбоорду өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык
инспекциясы салыкты эсепке алуу жана жыйноо боюнча пилоттук
долбоордун натыйжасын талдоого алсын жана жергиликтүү дењгээлде
салыктарды кыйла натыйжалуу тескөө механизмдерин иштеп чыксын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2006-жылдын
1 - июлунан баштап айыл өкмөттөрүнүн кесилишинде (Экономика жана
финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча) негизги экономикалык
көрсөткүчтөрдүн маалыматтардын чогултуу жана берүү боюнча ишти камсыз
кылсын.
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 30-июнундагы № 338
Жарлыгынын тиркемеси.
Эки дењгээлдеги бюджеттик системага өтүү боюнча долбоорго катышкан
пилоттук айыл өкмөттөрүнүн
ТИЗМЕСИ
________________________________________________________
| Областардын |Райондордун |Айыл өкмөттөрүнүн/райондук |
| аталыштары | аталыштары | маанидеги шаарлардын |
| | | аталыштары |
|______________|____________|___________________________|
|Чүй | Ысыката | Красная речка айыл өкмөтү |
|______________|____________|___________________________|
| | | Узункыр айыл өкмөтү |
|______________|____________|___________________________|
| | Жайыл | Карабалта шаары |
|______________|____________|___________________________|
|Жалалабат | Сузак | Ырыс айыл өкмөтү |
|______________|____________|___________________________|
| | | Багыш айыл өкмөтү |
|______________|____________|___________________________|
|Нарын | Кочкор | Кочкор айыл өкмөтү |
|______________|____________|___________________________|
| | | Кошдөбө айыл өкмөтү |
|______________|____________|___________________________|