Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/2
Каракол шаарынын прокуратырасынын, 2017-жылдын 21-апрелиндеги "Каракол шаарынын мэринин резервдик фондусу жөнүндөгү" протестин карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2016-жылдын 11-мартындагы, "Каракол шаарынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдарга болжол жөнүндөгү" №26-38/1 токтомунун, 12-пунктунун, №5 тиркемеси жана 2014-жылдын 12-декабрындагы, "Каракол шаарынын мэринин резервдик фондунун Жобосун бекитүү жөнүндөгү" №26-28/6 токтому жокко чыгарылсын.
Каракол шаарынын мэринин резервдик фонду жөнүндөгү Жобосу, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин ылайык, толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин (№1 тиркеме).
Каракол шаарынын мэри, резервдик фондунун акча каражаттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык бөлсүн.
Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
№1 тиркеме
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
2017-жылдын 9-ноябрындагы №27-17/2
токтому менен бекитилди.
Жобо
"Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө"
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана сарптоо тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык түзүлөт.
3. Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Каракол шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган, күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленет.
II бөлүм. Резервдик фонду түзүү жөнүндө
4. Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгымдарынын курамында түзүлөт.
5.Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, кезектеги финансылык жылга Каракол шаарынын бюджетин бекитүүдө белгиленет.
III бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары
6. Резервдик фонддон каражаттар бул Жободо каралган максаттуу багытка ылайык сарпталат.
7. Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган, шаарда өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга, күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
а) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жана табийгый кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
б) табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана аны жоюу боюнча маселелерди ыкчам түрдө чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же анын жакын
туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүүгө;
г) табигый кырсыктардан, жаратылыш-техногендик катастрофалардан жапа чеккен социалдык-тиричилик, турак-жай-коммуналдык объекттерди калыбына келтирүү жана ремонтто оиштерин каржылоого (атайын жабдууларды, чарба инвентарларын, дары-дармектерди, тамак-аш азыктарын, күйүүчү майды сатып алуу);
д) мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;
8. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
а) коммерциялык максаттарга же киреше алып
келүүчү ишмердикке;
б) өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин кармоого жана камсыздоого;
в) депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга;
г) шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүгө;
д) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү Кеңештердин жетекчилеринин иштерин чагылдырууга;
е) муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
ж)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин күнүмдүк материалдык-техникалык жана финансылык каржылоого;
IV бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоо тартиби
9. Резервдик фонддун акча каражаттары, бул Жобого ылайык, Каракол шаарынын мэри чыгарган тескемесинин негизинде, конкреттүү максаттарга бөлүнүп берилет.
10. Резервдик фондун каражаттарын сарптоо демилгеси мэрге таандык;
11.Резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралып жаткан каражаттардын зарылдыгы жана алардын көлөмүн көрсөткөн зарылчылыгын негиздөө менен өтүнүчтү шаардын мэрине жөнөтөт;
12. Шаардын мэри, бул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде, сунушталган чыгымдардын максаттуулугу жөнүндө чечим кабыл алат;
V бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого контроль
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугун ылайык, резервдик фонддун акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануусуна каражат бөлүштүрүүчү жана алуучулар жеке жоопкерчилик тартат;
14. Каракол шаарынын мэри, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөржай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына, резервдик фонддун каражаттарынын сарпталышы жөнүндө, квартал сайын маалымат берет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы | Э.Майрыков
|