Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жыл 26-февралы № 109
Штаттык бирдикке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин V I I–чакырылышынын кезектүү №25 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык аймактык администрациялык борбору болуп саналган калктуу пунктан тышкары ар бир калктуу пункта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пунктун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (1 штаттык бирдик) бекитилсин.
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300 чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, бир бошотулган кызматкер- аскерди-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (1 штаттык бирдик) бекитилсин.
4. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша каржы бөлүмүнүн башчысы (Р.Алыбаева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
5. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысы М.Борбашовго жүктөлсүн.
Бердике баатыр айыл аймагынын кеңешинин төрөгасы |
М.О.Исаков |
| БЕКИТЕМ Бердике баатыр айылдык Кеңешинин төрагасы ____________ М.О.Исаков
|
Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана
ШТАТТЫК САНЫ
Кызматтардын аталышы | Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн калкынын саны 5695 адам |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
Киреше боюча башкы адис | 1 |
Мамлекеттик стып алуу жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Киреше боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы | 10 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Жетектөөчү адис- Айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 1 |
Адис- Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору | 1 |
Жыйынтыгы | 2 |
Техникалык жана кенже тейлөөчүү кызматкер: ТТК МТК | |
Иш кагаздары жана Архив иши боюнча (ТОП) | 1 |
Кеңсе тейлөөчү (Кенже тейлөө) | 1 |
Жыйынтыгы | 2 |
Жооптуу катчы | Г.Т.Токтогонова |