Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нуржанов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 20-майы № 7
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы № 114 токтому менен бекитилген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Нуржанов айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Нуржанов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Нуржанов айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Нуржанов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрайым | Р.Жееналиева |