Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 3
Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
1. Бекмолдо айылдык аймагынын 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүмү боюнча 17690,0 миң сом өлчөмүндө чыгашалар боюнча 17690,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бекмолдо айылдык аймагынын 2019-жылдагы бюджетинин киреше булагы
№1-тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдагы чыгаша бөлүмү боюнча № 2- тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан тураары белгиленип бекитилсин.
4. Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин накталай кассалык акча жүгүртүү каражаттарынын көлөмү № 3-тиркеменин негизинде бекитилсин.
5. Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча жалпы болүгбү № 4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренесине ылайык, бюджетке каралбаган чыгымдарды жабуу учун жалпы бюджеттик чыгашалардын 176,8 мин сом өлчөмүндө Бекмолдо айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлүп №5 тиркеменин негизинде бекитилсин.
7. Резервдик фондду башкаруу Бекмолдо айыл аймагынын башчысы тарабынан жүргүзүлүп белгиленсин.
8. Бекмолдо айыл аймагынын районго отчет тапшыруучу кызматкерлерине 1 айда төрт жолу барып келишине командировкалык чыгым төлөнүп турсун айыл өкмөтүнүн катчысына, каржы бөлүмүнүн башчысына 1 айда алты жолу отчетко барып келишине ошондой эле айылдык кенештин төрагасына зарыл болгон учурда командировкалык чыгым каралып турсун.
10. Бекмолдо айыл аймагынын 16 штаттык бирдиги КРнын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Бекмолдо айыл аймагына караштуу маданият бөлүмүно 2 кызматкер, клуб башчы 1 кызматкер КРнын 2011-жылдын 19-январындагы № 16 токтомунун негизинде бекитилсин, ошондой эле жумуш учурунда автокырсыктан кырсыктаган Н. Кыдыралиевге айына 10 962 сом компенсация төлөнүп турулсун.
11. Кара-Ой, Сасык-Булак айылдарындагы эски бала-бакчалар жана МТФдагы квартиралар тонолуп кетпеш учун кароолчулар Чон-Токой, Кенеш ,Кара-Ой айылдарындагы медпункттарга кароолчулар,спорт комплекстердин кароолчуларуна,
Кенеш айылына айыл башчысына, төрт айыл боюнча ветврач жана анын жардамчысына, бош жургөн балдарды спортко тартуу учун тренерлер ошондой эле Бекмолдо айылдык аймагына юрист-консултант, тендерлик электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталынын адис штаттары эмгек келишимдин негизинде кабыл алынсын жана айылдык кенештин төрагасынын эмгек айылыгы № 8 тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан турары белгиленип бекитилсин.
12. Бекмолдо айыл аймагынан токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөлдүктү жүргүзүү айылдык кенештин айыл чарба экономикалык реформалардын жүргүзүү жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан берилген 2020- жылга 18210,0 сомго, 2021-жылга 20150,0 мин сомго социалдык-экономикалык өнүгүү бюджеттик долбоору бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүмүн чыңдоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйындар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Транспорт ээлеринин алынуучу салык менчик автотранспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары чет өлкөлүк граждандар жана гражданствосу жок жактар салык төлөөчү болуп эсептелинет. Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР салык Кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 25-числосу деп белгиленсин.
15. Жалпы мамлекеттик салыктар: Сатуудан салык, КРнын салык кодексинин негизинде бекитилсин. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык. КРнын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
16. Салыктык эмес кирешелер Муниципалдык менчиктен КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин.
Такталышын райондук финансы бөлүмүнө билдирип туруусун талап кылат.
18. Айыл аймагынын бюджетинде ашыкча түшкөн акча каражаттар Жер-Уй кенин сатуудан түшкөн акча каражаттарынан (Айылдык Кенештин токтому чыккандан кийин) акча каражаттарын которуп берүү жана статьядан статьяга бир бөлүмдөн башка бөлумгө которуу жолу бюджеттик комиссиясынын макулдугунун негизинде жумшалганга уруксат берилсин.
19. Чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Бекмолдо айылдык кенешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Ибраимов |