Загрузка документа…
УТРАТИЛ СИЛУ
в соответствии с Указом Президента КР
от 22 октября 2009 года УП №396
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 29-июнундагы № 337
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖЫРЛЫГЫ
Кыргыз Ресггубликасынын мамлекеттик финансысын башкаруу
системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын
бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын жакшыртуу жана Кыргыз
Республикасынын бюджетин кыйла реалдуу аткарууга жетишүү максатында
токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу
системасын реформалоо боюнча аракеттердин тиркелген Планын (мындан ары
- аракеттенүү Планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдары жана башка мамлекеттик органдары менен бирдикте аракеттердин
Планында көрсөтүлгөн иш-чараларды мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы
№114 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана
инвестициялык саясат боюнча Координациялык кењеш жөнүндөгү» Жарлыгы
менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык
кењешке аракеттердин Планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты
квартал сайын берип турсун.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев